Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын «Микрофинансылык уюмдарга карата талаптар жөнүндө токтому»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка КР от 25 сентября 2013 года № 35/14 "Об утверждении Положения о минимальных требованиях по управлению кредитным риском в микрофинансовых организациях, непривлекающих вклады (депозиты)"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-09-25.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 28-ноябры № 45/8 Микрофинансылык уюмдарга карата талаптар жөнүндө Ишкердикти өнүктүрүүгө дем берүү жана республика калкынын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 3, 4, 7-статьяларына, "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 2, 16, 17, 33-статьяларына жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 35-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Микрофинансылык уюмдардын кредиттөө боюнча операциялары ыйгарым укуктуу орган/уставда аныкталган адам тарабынан бекитилген ички кредит саясатына ылайык ишке ашырылууга тийиш.
Кредиттик саясатта эң аз дегенде төмөнкүлөр каралган негизги жоболор чагылдырылышы зарыл:
- кредит портфелин топтоодо "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 2-статьясына ылайык, бизнести өнүктүрүүгө кредит бөлүүгө артыкчылык берүү;
- кредит портфелинин жалпы көлөмүнө карата алардын үлүшүн көрсөтүү менен кредиттөө багыты;
- карызгер айлык чогуу алгандагы кирешесинин 40% ашпаган бөлүгүн кредитти айлык төлөөгө жумшай тургандыгын камтыган керектөө кредитинин максималдуу суммасын эсептөө зарылдыгы;
- карызгердин кредит боюнча карызынын ордун толук өлчөмдө жабууга же айыптык санкцияларды кармап калуусуз төлөө графигинен озуу менен төлөө укугу.
2. Бардык микрофинансылык уюмдар кардарлар менен кредиттик келишиминде карызгердин кредит боюнча карызын толук көлөмдө мөөнөтүнөн мурда жаба алууга же айыптык төлөм кармалуусуз, графиктен озуу менен төлөө укугун чагылдырууга милдеттүү.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтында жарыяласын;
- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Микрофинансылык уюмдар ички кредиттик саясаттарын ушул токтом күчүнө киргенден кийинки 1 ай ичинде ушул токтомдун талаптарына ылайык келтиришсин.
6. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык уюмдарды жана Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
З. Асанкожоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндөЗакон · 23.07.2002 · № 124
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу…Постановление · 25.09.2013 · № 35/14
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон