Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы» ЖЧКсынын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка КР от 12 декабря 2012 года № 48/9 "О минимальном размере капитала (собственных средств) специализированного финансово-кредитного учреждения ОАО "Финансовая компания кредитных союзов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-12-12.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 12 – декабрындагы № 48/9 токтомуна ылайык 2013-жылдын 1-майында токтом КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 18-январы № 2/3 "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсынын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсынын иш натыйжалуулугун жана туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, кредиттик союздар системасынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 31-статьясына жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 11 жана 39-1-статьяларына таянуу менен ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 1-февралынан тартып "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсы үчүн капиталдын (өздүк каражаттарын) минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем кеминде 78 млн. сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби, Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоо боюнча аныкталат.
3. Токтом ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыялансын.
5. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсын тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
З.Асанкожоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-декабрындагы № 48/9 " Адистештирилген финансы-кредиттик мекемеси "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы"…Постановление · 12.12.2012 · № 48/9 · Күчүн жоготкон
- "О минимальном размере капитала (собственных средств) специализированного финансово-кредитного учреждения ОАО "Финансовая компания кредитных союзов"Постановление · 29.12.2012
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правления Нацбанка КР от 21 июля 2004 года № 18/2 "Об утверждении новой редакции Инструкции по определению стандартов адекватности капитала коммерческих банков…Постановление · 21.07.2004 · № 18/2
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-декабрындагы № 48/9 " Адистештирилген финансы-кредиттик мекемеси "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы"…Постановление · 12.12.2012 · № 48/9 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.