Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «овернайт» жана «бир күндүк кредити» боюнча күрөөлүк камсыздоо жөнүндө токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/2 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк камсыздоо жөнүндө Улуттук банктын "овернайт" жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк камсыздоо базасын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банктын "овернайт" кредити жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк камсыздоо катары, Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары (МКВ, МКМ жана Улуттук банктын ноталары) кабыл алынсын.
2. Күрөө предметинин наркы кредиттин суммасынан 120% өлчөмүндө белгиленсин.
3. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-мартындагы № 16/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" кредити жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк камсыздоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучусу
З.Чокоев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-мартындагы № 16/1 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк…Постановление · 26.03.2009 · № 16/1 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-мартындагы № 16/1 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк…Постановление · 26.03.2009 · № 16/1 · Күчүн жоготкон