Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-мартындагы № 16/1 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын „овернайт“ жана „бир күндүк кредити“ боюнча күрөөлүк камсыздоо жөнүндө токтому»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка КР от 30 июня 2010 года № 52/2 "О залоговом обеспечении по кредитам "овернайт" и "внутридневной", предоставляемых Национальным банком Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-06-30.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/2 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 2009-жылдын 26-марты № 16/1 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк камсыздоо жөнүндө Улуттук банктын "овернайт" жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк камсыздоо базасын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банктын "овернайт" кредити жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк камсыздоо катары, Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу, төлөө мөөнөтү "овернайт" жана "бир күндүк кредиттерди" берүү күнүнөн тартып 12 айга чейин белгиленген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары (МКВ, МКМ жана Улуттук банктын ноталары) кабыл алынсын.
2. Күрөө предметинин наркы кредиттин суммасынан 120% өлчөмүндө белгиленсин.
3. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып, Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 42/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" кредити жана "бир күндүк кредити" боюнча күрөөлүк камсыздоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага жүктөлсүн.
Төрага
М.Алапаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ 2010-жылдын 31-марты № 9/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин…Постановление · 31.03.2010 · № 9/3 · Күчүн жоготкон