Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/7 «Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики "Об утверждении Положения "О лицензировании деятельности банков" от 8 июня 2017 года № 2017-П-12/23-1-(НПА)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-06-08.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
1-декабрында каттоодон өткөн. Каттоо номери № 139-08
Бишкек шаары
2008-жылдын 5-ноябры № 40/9
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында
кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде
2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон
өткөртүлгөн № 5/7 "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо
жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл
алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-ап-
релинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/7 "Банктардын ишмер-
дүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл
алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-ап-
релинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/7 "Банктардын ишмер-
дүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго сунуш
кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык
бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнө-
түшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик
каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом
менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын областтык башкармалыкта-
рын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-
рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-
ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет
министрлигине маалымдасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөл-
сүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук
банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк башкармасынын
2008-жылдын 5-ноябрындагы
№ 40/9 токтому менен
бекитилген
@1 Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын
2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын
Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде
34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/7
"Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө"
жобону бекитүү тууралуу" токтомуна
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл
алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-ап-
релинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/7 "Банктардын ишмер-
дүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-
тоолор киргизилсин:
1. Жобонун 2-главасы төмөнкү мазмундагы 2.6-пункт менен толуктал-
сын:
"2.6. Улуттук банк Башкармасы ал боюнча чечим кабыл алган банктар-
ды финансылык жактан чыњдоо чараларынан тышкары, өзгөчө жагдайларда
системалуу банктык кризиске бөгөт коюу жана банк секторуна инвестиция-
ларды тартуу максатында Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети жана/же
Төраганын банктык көзөмөл ишин түздөн-түз тескөөгө алган орунбасары
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзам чегинде
банктардын акцияларын сатып алуу боюнча чечимди кабыл алышы мүмкүн.".
2. Жобонун 3-главасынын 3.4.-пункту төмөнкү мазмундагы 18-пунктча
менен толукталсын:
"18) Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 10-июнунда ка-
был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
10-июнунда 71-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 24/2 токтом менен
бекитилген "Банктардын Депозиттердин коргоо системасына катышууга бил-
дирмелерди берүүсүнүн жана алардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
тарабынан кароого алынышынын тартиби жөнүндө" жободо белгиленген форма
боюнча депозиттерди коргоо системасына өтүүгө билдирме".
3. Жобонун 5-главасынын 5.6-пунктундагы: "Fitch-IBCA (США) боюнча
"BBB" категориясынан төмөн болбогон кредиттик рейтинг" деген сөздөр "же
Capital Intelligence, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond
Rating Service (DBRS), Rating & Investment Information (R&I) рейтингдик
агенттиктери тарабынан ыйгарылган ошондой эле кредиттик рейтинг" деген
сөздөр менен толукталсын.
4. Жобонун 6-главасынын 6.4.-пункту төмөнкү мазмундагы 2-пунктча
менен толукталсын:
"2) Депозиттерди коргоо системасына өтүүгө, белгиленген тартипте
берилген билдирменин болушу;".
5. Жобонун 6-главасынын 6.4.-пунктунун 2-10 пунктчалары, тиешелүү-
лүгүнө жараша 3-11-пунктчалары катары эсептелинсин.
6. Жобонун 7-главасынын 7.1.-пункту төмөнкү мазмундагы 13-пунктча
менен толукталсын:
"13) Депозиттерди коргоо системасына өтүүгө, белгиленген тартипте
берилген билдирменин жоктугу;".
7. Жобонун 7-главасынын 7.1.-пунктунун 13-пунктчасы 14-пунктча ка-
тары эсептелинсин.
8. Жобонун 9-главасы төмөнкү мазмундагы 9.10-пункт менен толуктал-
сын:
"9.10. "Улуттук банк лицензия берилген күндөн кийинки үч жумуш кү-
нү ичинде, банкка лицензия берилгендиги тууралуу билдирмени Депозиттер-
ди коргоо боюнча Агенттикке жөнөтөт.".
9. Жобонун 18-главасынын 18.2-пунктундагы: "Fitch-IBCA (США) боюн-
ча "B" категориясынан төмөн болбогон кредиттик рейтинг" деген сөздөр
"же Capital Intelligence, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion
Bond Rating Service (DBRS), Rating & Investment Information (R&I) рей-
тингдик агенттиктери тарабынан ыйгарылган ошондой эле кредиттик рей-
тинг" деген сөздөр менен толукталсын.
10. Жобонун 20-главасынын 20.3-пунктунун 4-пунктчасындагы:
"Fitch-IBCA (США) боюнча "B" категориясынан төмөн болбогон кредиттик
рейтинг" деген сөздөр "же Capital Intelligence, Japan Credit Rating
Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS), Rating & Investment
Information (R&I) рейтингдик агенттиктери тарабынан ыйгарылган ошондой
эле кредиттик рейтинг" деген сөздөр менен толукталсын.
11. Жобонун 22-главасынын 22.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"22.9. Сактык кассасынын дареги өзгөргөн учурда, банк ал тууралуу
үч жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө, ушул Жобонун ушул главасынын
22.7-пунктунун 2 жана 5-пунктчаларында каралган документтерди кошо тир-
көө менен Улуттук банкка маалымдоого тийиш.".
12. Жобонун 23-главасынын 23.5-пунктунун 4-пунктчасы алынып салын-
сын.
13. Жобонун 23-главасынын 23.9-пункту төмөнкү мазмундагы 6-пунктча
менен толукталсын:
"6) Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында ка-
был алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын
15-декабрында, 200 номерде каттоодон өткөртүлгөн № 42/2 токтом менен
бекитилген "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү
укугуна лицензия берүүнүн тартиби жөнүндө" жобого карата 8- жана 9-тир-
кемелерге ылайык, кардарлар үчүн маалыматтар жана аларды тейлөөгө алуу
тартиби кардарлар үчүн көрүнүктүү жерде жайгаштырылууга тийиш.".
14. Жобонун 34-главасынын 34.5-пунктунун "ж" пунктчасы алынып са-
лынсын.
15. Жобонун 3-тиркемесинин 15-бөлүгүнүн 15.1-пункту төмөнкү редак-
цияда берилсин:
"15.1. Банкта, акционерлердин жалпы жыйыны тарабынан бир жылдык
мөөнөткө дайындалуучу, Директорлор кењешинин көз карандысыз кеминде үч
мүчөсүнөн турган, Аудит боюнча комитет түзүлүүгө тийиш.".
16. Жобонун 17-тиркемесинин 17-25-пункттары 17-26-пункттар катары
эсептелинсин.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 08.06.2017 · № 2017-П-12/23-1-(НПА)
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 08.06.2017 · № 2017-П-12/23-1-(НПА)
- "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтому менен бекитилген)Положение · 08.06.2017 · № 2017-П-12/23-1-(НПА)
- Постановление Правления Нацбанка КР от 30 ноября 2000 года № 42/2 "Об утверждении Положения о порядке выдачи лицензии на право проведения обменных операций с наличной иностранной…Постановление · 30.11.2000 · № 42/2
- Постановление Правления Нацбанка КР от 2 марта 2006 года № 5/7 "Об утверждении Положения о лицензировании деятельности банков"Постановление · 02.03.2006 · № 5/7 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН "Депозиттерди коргоо системасына катышууга банктын билдирме берүүсүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан…Постановление · 10.06.2008 · № 24/2 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о лицензировании деятельности банков (утверждено постановлением Правления Нацбанка КР от 2 марта 2006 года № 5/7)Положение · 02.03.2006 · № 5/7 · Күчүн жоготкон