Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгынын ишкердүүлүк субъекттеринин ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-10-20.
КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык КҮЧҮН ТОКТОТТУ Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын
14-ноябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 137-08
Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин
2008-жылдын 20-октябрындагы
№ 177-б буйругу менен
бекитилди
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
караштуу Баалуу металлдар башкармалыгынын
ишкердүүлүк субъекттеринин ишин текшерүүлөрдү
жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы Жоболор
2. Баалуу металлдар башкармалыгынын инспекторлору тарабынан
текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги принциптери
3. Текшерүүлөрдүн түрү жана аларды жүргүзүү үчүн негиздер
4. Текшерүүлөр субъектиси жана объектиси
5. Башкармалыктын жана анын кызмат адамынын укуктары, милдеттери
6. Ишкердик субъектисинин укуктары менен милдеттери
7. Текшерүүлөр планын макулдашуунун тартиби
8. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтү
9. Текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышы
10. Ишкердик субъекттеринин аймагына же имаратына жеткиликтүүлүк
11. Текшерүүнү аяктоо
12. Текшерүүнү жүргүзүү учурунда колдонулган документтер
13. Инспектордук текшерүүлөрдү каттоо китеби
14. Башкармалыктын текшерүүгө буйрутмасы
15. Документтерди жана маалыматтарды берүү жөнүндө Башкармалыктын
суроо-талаптары
16. Текшерүү актысы
17. Башкармалыктын чечими
18. Бузууларды четтетүү тууралуу билдирме. Кабарлоо.
19. Башкармалыктын анын кызматтык адамдарынын чечимдерине,
иш-аракеттерине (аракетсиздик) даттануу укугу
20. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү мыйзамсыз аракет (аракетсиздик)
жана күнөөлүү жактардын жоопкерчилиги
1. Жалпы Жоболор
1. Ушул Жобо ишкердүүлүк субъекттерин Кыргыз Республикасынын Фи-
нансы министрлигине караштуу баалуу металлдар Башкармалыгынын (мындан
ары Башкармалык) текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин жөнгө салат жана Баш-
кармалыктын кызмат адамдары тарабынан ишкердүүлүк субъекттеринин ишине
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган кийлигишүүлөргө жол
бербөө максатында иштелип чыккан.
2. "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына, "Ишкердүүлүк субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн
тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Ишкердүүлүк субъек-
ттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жана ишкердүүлүк субъекттерин текше-
рүүнү, жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укук органдардын тизмесин аныктоо-
нун тартиби жөнүндө" 2007-жылдын 6-ноябрындагы N 513 Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн токтомуна, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги-
нин "Ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда баалуу металлдарды жана
асыл таштарды алуунун, сарптоонун, эсептөөнүн жана сактоонун тартиби
жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу" 2002-жылдын 17-июлундагы N 213 буй-
ругу менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде
2002-жылдын 26-июлунда каттоодон өткөн, каттоо номуру 155-02 "Ишкана-
ларда, мекемелерде жана уюмдарда баалуу) металлдарды жана асыл таштарды
алуунун, сарптоонун, эсептөөнүн жана сактоонун тартиби жөнүндө" Нуска-
мага жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу
металлдар Башкармалыгынын текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө ушул
Жобого ылайык (мындан ары - Жобо): зергерчилик ишканалар, өнөрканалар,
зергерчи усталар өз ишинде баалуу металлдар менен асыл таштарды колдо-
нуучу, баалуу металлдардан экинчи кайталап алынуу жагында иштеген уюм-
дар, ошондой эле стоматологиялык поликлиникалар, ломбарддар баалуу ме-
таллдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды сатып өткөрүүчү сатып
алуучу пункттар менен соода уюмдары жыл сайым каттоодон өтүүгө милдет-
түү. Бул үчүн төмөнкү документтер берилет:
а) Юридикалык жактар:
ишкананын уставы (иштин түрүн аныктоо үчүн);
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
- СТИН (салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру);
- тараза жабдуусун мамлекеттик текшерүү жөнүндө күбөлүк;
- имарат жайдын ижарасы жөнүндө же сатуу сатып алуу жөнүндө кели-
шим (ишкананын жайгашкан ордун аныктоо үчүн):
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын лицензиясы (ломбарддар);
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин лицензи-
ясы (стоматологиялык поликлиникалар, жеке менчик стоматологиялык каби-
неттер);
б) Жеке жактар:
Жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өтүшү жөнүндө күбөлүк;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру же патент;
- имарат жайдын ижарасы же сатуу сатып алуу" жөнүндө келишим;
- тараза жабдуусун мамлекеттик текшерүү жөнүндө күбөлүк.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер берилгенден кийин ишкердүүлүк
субъекттерине баалуу металлдар менен иштөөнүн ишкердик түрү көрсөтүлгөн
каттоодон өткөндүгү жөнүндө көчүрмөсү берилет. Белгиленген үлгүдөгү
эсеп журналы жана айтылган иштин түрү катталат.
3. Ушул Жободо жөнгө салынбаган текшерүүлөрдү жүргүзүү маселеси
"Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жана ишкердик субъект-
тери текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын
тизмесин аныктоонун тартиби жөнүндө" 2007-жылдын 6-ноябрындагы N 533
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген ишкердик
субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун ченемде-
рине ылайык жөнгө салынат.
2. Баалуу металлдар башкармалыгынын инспекторлору
тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги принциптери
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча ишкердик субъект-
тердин ишине контролдук жасоо текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаты
болуп саналат.
Мында текшерүүлөр ишкердүүлүк субъектисине карата финансылык же
дагы башка санкцияларды колдонуу максатын көздөбөйт. Ишкердүүлүк субъ-
екттин текшерүүлөрдү жүргүзүүдө башкармалыктын негизги милдети Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын бузууларды алдын алуу жана профилактикалоо
болуп эсептелет.
5. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги принциптери төмөнкүлөр болуп
саналат:
- ыйгарым укуктуу органдын ишиндеги мыйзамдуулук, объективдүүлүк
жана айкындуулук принциби;
- ишкердик субъекттеринин ак ниеттүүлүк презумпция принциби;
- текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ведомстволук жана ведомстволор аралык
контролдоо менен көзөмөлдөөнүн бири бирин кайталоого жол берилбестик
принциби;
- текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүк жана оперативдүүлүк
принциби.
6. Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүнү
каржылоо республикалык бюджеттин каражатынан гана ишке ашырылат.
Башкармалыкка жана анын кызмат адамдарына түздөн-түз текшерүүлөрдү
жүргүзүүдө накталай акча түрүндө айыпты өндүрүп алуу жана ишкердүүлүк
субъектинен дагы башка төлөмдөрдү алууга тыюу салынат. Бардык эсепте-
шүүлөр тийиштүү банктык эсеп-чот аркылуу гана өткөрүлүшү тийиш.
3. Текшерүүлөрдүн түрү жана аларды жүргүзүү үчүн негиздер
7. Ишкердүүлүк субъекттерин текшерүүлөр и пландуу, контролдук жана
пландан тышкары текшерүүлөргө бөлүнөт.
8. Пландуу текшерүү башкармалык тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүү
планына ылайык текшерилүүчү ишкердүүлүк субъектинин жайгашкан, каттал-
ган же экономикалык иш жүргүзгөн орду боюнча жүргүзүлөт. Пландуу тек-
шерүүгө ишкердүүлүк субъектинин иш мезгилинин мурдагы пландуу тек-
шерүүгө камтылган мезгил аяктаган күндөн тартып камтылат.
9. Контролдук текшерүү мурдагы пландуу же пландан тышкары текше-
рүүдө белгиленген тартип бузууларды ишкердүүлүк субъектиси четтетүү
үчүн Башкармалык тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүү.
Контролдук текшерүү мурдагы текшерүүлөрдө табылган тартип бузуу-
ларды ишкердүүлүк субъектиси тарабынан четтетилишин аныктоо максатында
гана жүргүзүлөт, ошондуктан ушул милдеттин чегинен чыгышы мүмкүн эмес.
Контролдук текшерүү белгиленген тартип бузууларды четтетүү үчүн
ишкердүүлүк субъектисине берилген мөөнөт бүткөндөн кийин гана жүргүзү-
лүшү мүмкүн.
10. Пландан тышкары текшерүү - текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн бекитил-
ген пландан тышкары Башкармалык тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү.
Пландан тышкары текшерүү жүргүзүүнүн негиздери болуп төмөнкүлөр
саналат:
- пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө ишкердүүлүк субъекти-
синин жазуу жүзүндөгү арызы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын ишкердүүлүк субъектиси
тарабынан бузуулардын фактылары жөнүндө маалымат түшкөндө;
- ишкердүүлүк субъектиси тарабынан жеке же юридикалык жактын укук-
тары менен таламдарын бузуу фактысы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз түшсө
жана анда ишкердүүлүк субъектиси тарабынан арыз берүүчүнүн укуктары ме-
нен таламдары бузгандыгы жөнүндө маалыматты ырастоочу документтер, ма-
териалдар тиркелсе.
Башкармалыкка кайрылган жактын аты-жөнүн жана жайгашкан ордун
аныктоого мүмкүндүк бербеген арыз текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болбойт.
4. Текшерүүлөр субъектиси жана объектиси
11. Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюм-
дарды өндүрүүчүлөрдүн, пайдалануучулардын жана сатып өткөрүүчүлөрдүн
бардыгы тарабынан баалуу металлдарды, асыл таштарды өндүрүү, кайра иш-
тетүү, колдонуу жана алардан зергерчилик жана башка буюмдарды даярдоо
боюнча мыйзамдарды. бекитилген стандарттарды сактоо боюнча менчиктин
түрүнө карабастан контролдукту камсыз кылуучу Баалуу металлдар башкар-
малыгы текшерүүлөрдүн субъектиси болуп саналат.
12. Аффинаждан кийин баалуу металлдар менен иштөөчү, металлдарды
өндүрүштүк-техникалык максатта лабораториялык, жабдууларда жана прибор-
лордо таза түрүндө же жогорку пробада металлдарды колдонуучу ишканалар-
дын, уюмдардын, мекемелердин ишмердиги жана жеке ишкерлер, тиш каптоочу
продукцияларды даярдоочу жеке менчиктеги стоматологиялык клиникалар,
баалуу металлдардан зергерчилик буюмдарын сатып өткөрүүчү жана сатып
алуучу дүкөндөр жана пункттар, ошондой эле жабдуулардын жана приборлор-
дун тетиктери менен түйүндөрүнөн баалуу металлдарды кайталап алуу жа-
гында иштеген ишканалар текшерүүлөр объектиси болуп саналат.
13. Ишкердүүлүк субъекттеринин ишин текшерүү Башкармалыктын кызмат
адамдары тарабынан жүргүзүлөт.
Башкармалыктын начальниги, анын орун басары, бөлүмдөрдүн началь-
никтери, ишкердүүлүк субъекттерин текшерүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу
башкы жана жетектөөчү адистер Башкармалыктын кызмат адамдары болуп са-
налат.
Башкармалыктын кызмат адамдарынын иш аракети менен кызмат адамда-
рынын кол коюлган документтер Башкармалыктын иш аракети жана документи
катары таанылат.
14. Текшерүү актысына кол коюуга ыйгарым укуктуу, ишкердүүлүк
субъектисинин кызмат адамы ишкердүүлүк субъектиси тараптан текшерүүгө
катышат.
Башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси же анын орун басары же
болбосо уюштуруу документтерине ылайык башкаруунун аткаруу органынын
жетекчиси тарабынан ыйгарым укуктуу адам ишкердүүлүк субъектисинин кыз-
мат адамы деп таанылат. Жеке ишкерлер үчүн ал болбой калган учурларда
материалдык жоопкер адам алмаштырат.
Ишкердүүлүк субъектисинин кызмат адамынын иш-аракети жана кол кой-
гон документи ишкердүүлүк субъектинин иш-аракети менен документи катары
таанылат.
15. Ишкердүүлүк субъектисинин кызмат адамы катышуусуз жүргүзүлгөн
текшерүү мыйзамсыз деп табылат.
5. Башкармалыктын жана анын кызмат
адамынын укуктары, милдеттери
16. Кызмат адамы төмөнкүлөргө укуктуу:
- ишкердүүлүк субъектисинен же анын кызмат адамынын текшерүү планы
менен тикелей байланышкан маселелер боюнча документти, маалыматты, тү-
шүндүрмөнү талап кылууга жана алууга:
- зарыл болгон учурда документтерди жазып алууга жана көчүрмөлөө-
гө;
- эгерде кароо текшерүү жүргүзүү менен байланыштуу болсо, жайлар-
ды, жабдууларды жана башка мүлктү карап чыгууга;
- эгерде текшерүү технологиялык талаптардын сакталышын контролдоо
менен байланыштуу болсо, технологиялык процесстерге байкоо жүргүзүүгө:
- башкармалыктын лабораториясында талдоо жана экспертиза үчүн баа-
луу металлдары бар продукциялардын үлгүлөрүн белгиленген тартипте тан-
дап алууну жүргүзүүгө.
- экспертизанын натыйжалары боюнча экспертиза актысы түзүлөт, анын
бир нускасы текшерүү актысына тиркелет, ал эми экинчи нускасы "Талдоо
жана экспертиза" лабораториясында калтырылууга;
- текшерүүчү адамдын мыйзамдуу талаптары аткарылбаган учурда,
ошондой эле КР мыйзамдарынын талаптары бузулган учурда ишкердүүлүк
субъектисин жана анын кызмат адамын жоопкерчиликке тартуу боюнча чара-
ларды көрүүгө;
- ушул Жободо каралган дагы башка укукка.
17. Башкармалыктын кызмат адамына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- текшерүү планына таандык болбогон документти, маалыматты жана
түшүндүрмөнү ишкердүүлүк субъектисинен же анын кызмат адамынан талап
кылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен алынган ишкердүү-
лүк субъектисинин иши жөнүндө маалыматты сактоого жана пайдаланууга;
- ишкердүүлүк субъектисинин же анын кызмат адамынын макулдугусуз
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо,
текшерүүлөрдү жүргүзүүлөрдүн натыйжасында алар тарабынан алынган мамле-
кеттик, коммерциялык жана башка мыйзам тарабынан корголуучу жашыруун
сырды түзгөн маалыматты жайылтууга;
- ишкердүүлүк субъектинен же анын кызмат адамынан текшерүүлөрдү
жүргүзгөнү үчүн кандайдыр бир сый-урмат же кызмат көрсөтүүнү талап кы-
лууга же алууга;
- мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, ишкердүүлүк субъекти-
синин ишине кийлигишүүгө, чектөөгө же токтотуп коюуга;
- ишкердүүлүк субъектиси же анын кызмат адамы тарабынан тартип бу-
зуунун фактысын ишине кийлигишүү үчүн негиз катары пайдаланууга.
18. Башкармалыктын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- текшерүү башталганга чейин кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө жана
ишкердүүлүк субъектисине же анын кызмат адамына текшерүү жүргүзүү
жөнүндө буйрутманын бир нускасын берүүгө, текшерүү предметинин маселе-
лери менен тааныштырууга;
- текшерүүнү "Ишкердүүлүк субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн
тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ушул Жободо жана
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган текшерүү предметинин ма-
селелерине бекем ылайыктап жүргүзүүгө;
- текшерүүнү ишкердүүлүк субъектисинин иш маалында жана анын кыз-
мат адамынын катышуусунда жүргүзүүгө;
- ишкердүүлүк субъектисинин кызмат адамы талап кылса, анын неги-
зинде жана ошого ылайык текшерүү жүргүзүлүп жаткан ченемдик-укуктук ак-
тыларды көрсөтүүгө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ачык-айкын ченемдерин көр-
сөтүү менен текшерүүнүн жүрүшүндө табылган тартип бузууларды негиздөө-
гө;
- текшерүү жүргүзгөнү жөнүндө инспектордун текшерүүлөрдү каттоо
Китебине жазып калтырууга жана колун коюуга;
- текшерүү планына таандык документацияларды жана да башка матери-
алдарды талап кылууга.
19. Башкармалык:
- анын ишин каржылоого республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын
эсебинен текшерүүлөрдү жүргүзүү менен байланышкан бардык чыгымды каржы-
лоону жүргүзүүгө:
- ишкердүүлүк субъектисинин жайгашкан же болбосо ишкердүүлүк ишин
жүргүзгөн ордунан текшерүү жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы каршылыктар менен так
эместиктерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын туура ат-
каруу боюнча текшерүүгө таандык ишкердүүлүк субъектисине же анын кызмат
адамына каршы колдонбоого;
- ушул Жободо каралган дагы башка милдеттерди аткарууга милдеттүү.
6. Ишкердик субъектисинин укуктары менен милдеттери
20. Ишкердик субъектиси төмөнкүлөргө укуктуу:
- ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын кызматтык күбөлүгүн,
текшерүү жүргүзүү жөнүндө буйрутаманы, текшерүүгө таандык ишкердик
субъектисине милдеттүү талаптарды аныктоочу ченемдик-укуктук актыларды
көрсөтүүнү талап кылууга;
- текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укугу болбогон адамды текшерүүгө жол
бербөөгө;
- Башкармалыктын текшерген кызмат адамынын талаптары текшерүү
предметине кирбесе, анын талаптарын аткарбай коюуга;
- Башкармалыктын текшерген кызмат адамынын жүргүзгөн текшерүү жө-
нүндө инспектордук текшерүүлөрдү каттоо Китебине жазып калтырчуну талап
кылууга:
- текшерген кызмат адамынын текшерүү жүргүзүүгө буйрутманын бирин-
чи нускасын, ошондой эле текшерүү актысынын бир нускасын алууга;
- текшерүү жыйынтыгына даттанууга;
- ушул Жободо каралган дагы башка укуктарга.
21. Ишкердүүлүк субъектиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Башкармалыктын кызмат адамына кызматтык күбөлүгүн жана текшерүү-
гө буйрутманы көрсөткөнүндө текшерүү үчүн тоскоолдуксуз жол берүүгө;
- текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл материалдар менен документтер-
ди көрсөтүүгө, ошондой эле түшүндүрмө берүүгө;
- инспектор милдетин аткарууда ага көмөк көрсөтүүгө;
- ишкердүүлүк субъекттеринин ишин текшергенде ишкердүүлүк субъек-
тисинин кызмат адамынын катышууга:
- Башкармалыктын инспекторунун мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
- Башкармалыктын кызмат адамдары талап кылган документтерди берүү-
дөн баш тартканда акты түзүүгө жана материалдарды жогору турган же укук
коргоо органдарына берүүгө.
7. Текшерүүлөр планын макулдашуунун тартиби
22. Башкармалык кеминде бир кварталдык мөөнөткө келерки текшерүү-
лөрдү жүргүзүү планын түзүүгө милдеттүү.
23. Планда пландалган текшерүү мезгили башталганга чейин 30 кален-
дардык күндөн кечиктирбеген мөөнөттө Башкармалык ишкердүүлүктү колдоо
жана өнүктүрүү функциясын жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга
(мындан ары ЫуМО) текшерүүлөр планын берет.
24. Башкармалыктын текшерүүлөр планы ЫуМО начальниктин же анын
орун басарынын колу коюлган коштомо каты менен жазуу жана электрондук
түрүндө берилет.
25. Текшерүүлөр планы ЫуМОнун нускамасында белгиленген форма боюн-
ча түзүлөт жана милдеттүү тартипте төмөнкүдөй реквизитин камтыйт:
1) Планга киргизилген ишкердик субъекттеринин толук реквизити жеке
адамдын аты-жөнү, атасынын аты же юридикалык жактын аталышы;
2) Салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру (СТИН);
3) Патенттин номуру;
4) Менчиктин түрү;
5) Ишкердик субъектинин юридикалык дареги;
6) Мурдагы текшерүү күнү;
7) Эскертүү.
26. Пландан тышкаркы текшерүүлөрдү ЫуМО менен макулдашчу Башкарма-
лыктын сурамы боюнча оперативдик тартипте, ушул Жободо көрсөтүлгөн
пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн анда негиз болгондо жүргүзүлөт.
27. Пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө Башкармалыктын су-
роо-талабы ишкердүүлүк субъектисинин реквизитин текшерүү жөнүндө су-
роо-талапка негиз болуп кызмат кылган документтердин көчүрмөсүн кам-
тыйт.
28. Текшерүүлөр планын макулдашкандан кийин башкармалык 5 жумуш
күндөн ашпаган мөөнөттө ыйгарым укуктуу органдын текшерүүлөрдүн атайын
каттоо китебинде планга ылайыктуу Буйрутманын бланкаларын каттоодон өт-
көрөт жана аларды ЫуМОго берет.
29. ЫуМО буйрутманын бланкаларына ЫуМОнун каттоо номурун ыйгарат
жана ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана мөөр менен күбөлөндүрү-
лөт.
30. Буйрутманын күбөлөндүрүлгөн бланкалары бекем сактоонун жана
отчеттуулуктун документи болуп саналат.
31. Буйрутманын бланкалары текшерүүлөр планында текшерүү жүргүзүү-
нү баштоо айы деп аныкталган айдан баштап 3 календардык ай бою жарак-
туу. Текшерүү жүргүзүүнү баштоо айынын мурдагы пландуу текшерүү бүткөн
айдан мурда белгилениши мүмкүн эмес.
32. Текшерүүлөр планы оњдолгон учурда Башкармалык ЫуМО менен план-
ды өзгөртүүнү макулдашкандан кийин 3 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө өзү-
нүн текшерүүлөрдү каттоо китебине колдонулбаган буйрутмаларды каттоо
сабында бланкаларды колдонбогондук жөнүндө белги коет.
Кабыл алуу-өткөрүү актысы менен буйрутмалардын колдонулбаган блан-
ктарга оњдоолорду макулдашкандан кийин 3 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө
ЫуМОго берилет.
Текшерүүдөн өтпөй калган ишкердүүлүк субъекттерине карага (алардын
буйрутманын колдонулбаган бланктары кайтарылып келгендерине карата),
жањы буйрутмаларды каттоодон өткөрүүнү башкармалык аларды ЫуМОго күбө-
лөндүрүү үчүн берүү менен кезектеги тартипте жүргүзүүгө тийиш.
33. Башкармалык отчеттук кварталдан кийинки айдын 15 күнүнөн ке-
чиктирбеген мөөнөттө ЫуМОнун нускамасында белгиленген форма боюнча ЫуМО
го текшерүүлөрдүн натыйжасы жөнүндө отчетту тапшырат. Отчетко колдонул-
ган буйрутманын үчүнчү нускасы тиркелет.
8. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөтү
34. Текшерүү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү 30 календардык күндөн аш-
поого тийиш. Бул мөөнөт Башкармалык начальнигинин жазуу чечими боюнча
өзгөчө шарттарда 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө бир жолу узар-
тылышы мүмкүн.
35. Текшерүү мөөнөтүн узартуу үчүн тизмени камтуучу негиз Башкар-
малыктын нускамасында белгиленген.
36. Текшерүү мөөнөтүнүн аякташы болуп ишкердик субъектисине тек-
шерүүнү жүргүзүү жөнүндө актынын тапшыруу датасы же, текшерүүнү аяктоо
датасы буйрутмада көрсөтүлгөн дата болуп эсептелет, эгер бул датага че-
йин тапшырылбаса.
37. Пландуу текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө ишкердик субъектисине тек-
шерүүнү жүргүзүү башталган датага чейин жазуу билдирмеси аркылуу 10 ка-
лендардык күнгө чейин эскертилүүгө тийиш.
Ишкердик субъектиси текшерүүнү жүргүзүүнү белгиленген мөөнөттө
жүргүзүүнү камсыздоого милдетүү же бул мөөнөттө текшерүүнү жүргүзүү
мүмкүн эместиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымдоого тийиш (жүй-
өөлүү себептер болуусунда) жана текшерүү башталышы жөнүндө билдирмени
алган датадан 5 күндөн ашпаган мөөнөттө текшерүүнү жүргүзүүнүн башка
датасы макулдашылууга тийиш. Текшерүүнүн башталыш мөөнөтүн которууга
бир жолу гана уруксат берилет.
38. Пландан тышкаркы текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү үч жумушчу күндөн
ашпоосу керек.
39. Ишкердик субъектисинде табылган бузууларды четтетүү үчүн бе-
рилген мөөнөтү жеткенден кийин гана контролдук текшерүүлөр жүргүзүлөт.
9. Текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышы
40. Буйрутманын негизинде (мындан ары - буйрутма) ишкердик субъек-
тисин текшерүүнү ишке ашырылат.
41. Буйрутмада көрсөтүлгөн Башкармалыктын кызматтык адамдары гана
текшерүүнү жүргүзүүгө кирүүгө тийиш.
42. Буйрутмада көрсөтлгөн дата текшерүүнүн башталыш күнү болуп са-
налат.
43. Эгер Башкармалык текшерүүчү кызматтык адамдар курамын алмашты-
руу же толуктоону жүргүзсө Башкармалык начальниги буйрутманын тийиштүү
бөлүмүн үч нускада толтурат, анда кызматтык адамдардын алмашылган же
толукталган адамдарды буйрутмада көрсөтүү менен кол коет жана мөөр ба-
сат.
44. Текшерүү мөөнөтүн узартуу шарты болсо Башкармалык начальниги
буйрутманын тийиштүү бөлүмүн үч нускада толтурат, ага кол коет жана
мөөр басат.
45. Башкармалыктын кызматтык адамы буйрутманын биринчи нускасын
ишкердик субъектисинин кызматтык адамына тапшырат.
Буйрутманын экинчи нускасын ишкердик субъекттин кызматтык адамы
буйрутманы алгандыгы жөнүндө жазууну жазат жана Башкармалыктын кызмат-
тык адамына кайтарат.
Буйрутманын үчүнчү нускасынын бир жагына толтурулуу менен текшерүү
натыйжалары жөнүндө отчет тиркелет жана ЫуМОго жөнөтүлөт.
10. Ишкердик субъекттеринин аймагына
же имаратына жеткиликтүүлүк
46. Ишкердик субъекттеринин аймагына же имаратына Башкармалыктын
кызматтык адамдарынын кирүүсү бул адамдардын кызматтык күбөлүктөрүн жа-
на текшерүү буйрутмасын көрсөтүүдө ишке ашырылат.
47. Ишкердик субъектисинин аймагындагы имаратка Башкармалыктын
кызматтык адамын мыйзамсыз киргизбеген шартта Башкармалыктын кызматтык
адамы акт түзөт.
Ишкердик субъектисинин актка кол коюуга баш тартуусунда, Башкарма-
лыктын кызматтык адамы актка тийиштүү жазууну жүргүзөт.
48. Текшерилүүчү ишкердик субъектисинин аймагына же имаратына тек-
шерүүнү жүргүзүүчү Башкармалыктын кызматтык адамына жеткиликтүүлүккө
мыйзамсыз тоскоолдук кылынса КР административдик жоопкерчилик тууралуу
Кодексинде каралган жоопкерчиликке тартылат.
11. Текшерүүнү аяктоо
49. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Башкармалыктын кызматтык адамы
текшерүү жөнүндөгү актыны түзөт.
50. Текшерүү жөнүндөгү актынын бир нускасы ишкердин субъектисинин
кызматтык адамына тапшырылат.
Ишкердик субъектиси актыны алгандыгы жөнүндө актынын экинчи нуска-
сына жазууну жүргүзөт.
Качан ишкердик субъектисинин кызматтык адамы актыга кол коюудан
четтесе, Башкармалыктын кызматтык адамы актка тийиштүү жазууну
жүргүзөт.
51. Актыда баяндалган текшерүү натыйжалары менен макул болбогон
учурда ишкердик субъектиси же анын кызмат адамы актыга кол коюуга мил-
деттүү жана каршы болуу жөнүндө жазууну жүргүзүүгө укуктуу.
Каршы болуу жүйөөлөрүн түшүндүргөн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр
жана документтер актыга тиркелет, же ишкердик субъектиси тарабынан ак-
тыны алган учурдан 10 календардык күнгө чейинки мөөнөттө Башкармалыкка
жөнөтөт.
52. Эгерде ишкердик субъектиси же анын кызмат адамы административ-
дик жоопкерчиликти тартууга туура келген мыйзам талаптарын бузуу табыл-
са, Башкармалыктын кызмат адамы административдик жоопкерчилик тууралуу
КР Кодексине ылайык административдик укук бузуулар тууралуу протокол
түзөт.
53. Ишкердик субъектисин же анын кызмат адамын жоопкерчиликке тар-
туу жөнүндөгү чечимде төмөндөгүлөр болууга тийиш:
- жасалган укук бузуулардын мазмуну менен жагдайынын баяндалышы;
- конкреттүү бузулган мыйзамдар жана мыйзамдык актылардын
көрсөтүлүшү;
- көрсөтүлгөн жагдайларды ырастаган документтерге шилтемелердин
берилиши;
- өзүн коргоого ишкердик субъектисинин жүйөөлүү себептерин жана
ошол жүйөөлүү себептерди текшерүү натыйжасын келтирүү.
- административдик жоопкерчиликтин колдонулган чараларынын көрсө-
түлүшү.
54. Ушул Жобонун 91-пунктунун 1 жана 2-пунктчасында көрсөтүлгөн
бузуулар табылганда Башкармалыктын жетекчиси ишкердик субъектисине бул
бузууларды четтетүү тууралуу талаптар менен белгиленген формада билдир-
ме жөнөтөт.
1) 3 календардык күнгө чейинки мөөнөттө - эгерде бузууларды жойбой
коюу адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо боюнча коопсуздукту
камсыздоого таасир көрсөткөн учурда;
2) 30 календарлык күнгө чейинки мөөнөттө - калган бардык учурлар-
да;
55. Бузууларды четтетүү үчүн ишкердик субъектисине берилген
мөөнөтү жеткенде Башкармалык контролдук текшерүүнү ишке ашырат.
56. Эгер контролдук текшерүү жүрүшүндө билдирмеде көрсөтүлгөн бу-
зуулар четтетилбесе, анда Башкармалыктын кызмат адамы административдик
жоопкерчилик тууралуу Кыргыз Республикасынын Кодексинин талаптарына
ылайык административдик укук бузуулар тууралуу иш боюнча токтом чыга-
рат.
57. Ушул Жобонун 91-пунктунун 3-7-пунктчасында көрсөтүлгөн бузуу-
лар үчүн санкция административдик жоопкерчилик тууралуу Кыргыз Респуб-
ликасынын Кодексинин талаптарына ылайык ишкердик субъектисине же анын
кызмат адамына жасаган укук бузууларына токтоосуз, текшерүү актысын бе-
китүүдө салынат.
58. Бузууларды четтетүү тууралуу билдирме анын ишкердик субъектиси
аны белгиленген мөөнөттө аткарууга же текшерүү натыйжасына даттанууга
милдеттүү.
59. Ушул бөлүмдүн талаптарын Башкармалыктын кызмат адамдарынын
сактабай коюшу Башкармалыктын чечимин жараксыз кылууга негиз болуп са-
нала.
12. Текшерүүнү жүргүзүү учурунда колдонулган документтер
60. Текшерүү жүргүзүүдө Башкармалык менен ишкердик субъекттери
төмөндөгү документтерди пайдаланышат:
- инспектордук текшерүүлөрдү каттоо китеби;
- Башкармалыкты текшерүүгө буйрутма;
- документтерди жана маалыматтарды берүү жөнүндө Башкармалыктын
суроо-талабы;
- текшерүү акты;
- бузууларды четтетүү тууралуу Башкармалыктын билдирмеси;
- Башкармалыктын чечими;
- административдик бузуулар тууралуу протокол;
- Башкармалыктын билдирүүсү;
- Башкармалыкка ишкердик субъектисинин суроо-талабы;
- Башкармалыктын суроо-талабына ишкердик субъектисинин жообу;
- Башкармалыктын жана анын кызмат адамдарынын аракеттерине (ара-
кетсиздигине) ишкердик субъектисинин даттануусу;
Көрсөтүлгөн документтердин тизмеси толук болуп саналат. Башкарма-
лыкка ишкердик субъекттерине башка документтерди же бул Жобонун талап-
тарына туура келбеген документтерди жиберүүгө тыюу салынат.
13. Инспектордук текшерүүлөрдү каттоо китеби
61. Башкармалыктын текшерүүлөрү инспектордук текшерүүлөрдү каттоо
китебинде катталууга тийиш (мындан ары - Китеп).
62. Китеп расмий документ болуп саналат жана ишкердик субъекттери
тарабынан ишмердигинин бүт мөөнөтү ичинде сакталат жана текшерүүлөрдүн
өтүү фактысын, мөөнөтүн жана текшерүүлөр жөнүндө башка маалыматтарды
тастыктоо болуп саналат.
63. Ар бир филиалдын, өкүлчүлүктүн же ишкердик субъектисинин
өзүнчө структуралык бөлүгүнүн өз алдынча Китеби болушу мүмкүн.
64. Китеп-белгиленген форма боюнча жүргүзүлөт, Китептин барактары
байланып коюлат, ишкердик субъектиси же анын кызматтык адамы тарабынан
кол коюлат жана мөөр басылат.
65. Китептин жоктугу бузуу болуп эсептелбейт.
Китептин жоктугу текшерүүнү жүргүзүүдөн баш тартууга негиз боло
албайт.
66. Китепте Башкармалыктын кызмат адамдары төмөндөгүлөрдү жазууга
милдеттүү:
- Башкармалыктын аталышы жөнүндө;
- текшерүү жүргүзүүнүн башталган жана аяктаган күнү;
- текшерүүнүн негиздери жана предмети тууралуу;
- Башкармалыктын текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамдарынын ээлеген
кызматы. аты-жөнү жана алардын койгон колу жөнүндө.
14. Башкармалыктын текшерүүгө буйрутмасы
67. Текшерүүгө Башкармалыктын буйрутмасы (мындан ары - буйрутма)
текшерүүнү жүргүзүүгө Башкармалыктын кызматтык адамынын ыйгарым укугун
ырастоочу расмий документи болуп саналат. Буйрутмасыз текшерүүнү жүргү-
зүүгө тыюу салынат.
68. Буйрутма үч нускада жазылат. Башкармалыктын начальнигинин колу
жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана милдеттүү тартипте төмөнкү рекви-
зиттерди камтыйт.
- ЫуМОдо буйрутманы каттоо номуру жана күнү;
- Башкармалыктын аталышы;
- текшерүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын (жактын)
аты-жөнү;
- салык төлөөчүнүн аталышы же аты-жөнү, жеке номери жана ишкердүү-
лүк субъектти текшерүүчүнүн дареги же жеке жактын социалдык коргоо (же-
ке номери) күбөлүгүнүн каттоо номери;
- текшерүүнүн максаты, түрү жана предмети;
- текшерүүнүн укуктук негиздери;
- текшерүү мезгили;
- текшерүүнүн башталган жана аяктаган күнү.
69. Буйрутманын арткы бети болот, текшерүүнүн натыйжасы боюнча ал
милдеттүү түрдө Башкармалыктын кызмат адамы жана текшерилүүчү ишкердүү-
лүк субъекттеринин кызмат адамы тарабынан анын кароосу боюнча толтуру-
лат.
70. Текшерүүгө таандык маселелердин тизмеси Башкармалыктын началь-
гини бекиткен текшерүүнүн предметинде чагылдырылууга тийиш, ал буйрут-
мага тиркелет.
15. Документтерди жана маалыматтарды берүү
жөнүндө Башкармалыктын суроо-талаптары
71. Документтерди жана маалыматтарды берүү жөнүндө Башкармалыктын
суроо-талаптары (мындан ары суроо-талап) расмий документ болуп саналат
жана ишкердик субъектилеринен документтерди жана маалыматтарды алуу
үчүн ал пландуу же пландан тышкаркы текшерүүнүн предметине ылайык иш-
кердик субъектисине жөнөтүлөт.
72. Суроо-талап өзүнчө формада эки нускада түзүлөт жана Башкарма-
лыктын начальниги тарабынан кол коюлат жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
73. Суроо-талапта ишкердик субъекттеринен алынган документтердин
жана маалыматтардын толук тизмеси жана суроо-талапты аткаруу мөөнөтү
камтылууга тийиш.
74. Ишкердик субъектиси Башкармалыкка күбөлөндүрүлгөн документтер-
дин көчүрмөсүн же алардын көчүрмөсүн берет.
16. Текшерүү актысы
75. Акт текшерүүнүн жыйынтыктоочу расмий документи болуп саналат,
ал текшерүүнүн жыйынтыгынан көз карандысыз таризделет. Акт эки нускадан
кем эмес санда түзүлөт жана текшерүүнү жүргүзгөн башкармалыктын кызмат
адамы жана ишкердүүлүк субъекттин кызмат адамы тарабынан кол коюлат.
Акт милдеттүү тартипте төмөнкү реквизиттерди камтыйт:
1) текшерүүнү жүргүзүү орду жана акты түзүлгөн күн;
2) ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
3) текшерүүнү жүргүзүү үчүн негиздеме;
4) текшерүүнүн түрү;
5) текшерүүгө буйруктаманын реквизиттери;
6) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамынын кызматы, аты-жөнү жана
кызматтык күбөлүгүнүн номери;
7) ишкердүүлүк субъектинин аты-жөнү же ишкердүүлүк субъектинин
юридикалык жактын толук аталышы, ишкердик субъектисинин СТИНы;
8) ишкердүүлүк субъектисинин катталган жана экономикалык иш жүр-
гүзгөн орду;
9) текшерүүгө катышкан ишкердик субъектисинин жетекчисинин жана
дагы башка кызмат адамдарынын аты-жөнү;
10) акыркы пландуу текшерүүдөн баштап бардык мурдагы текшерүүлөр
тууралуу текшерүүлөрдүн түрү жана мөөнөттөрү, текшерүүлөрдүн натыйжала-
ры, табылган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча (болсо) кабыл алынган
чаралар көрсөтүлгөн маалымат;
11) мурдагы текшерүүлөрдө табылган укук бузууларды ишкердик субъ-
ектиси тарабынан четтетүү боюнча маалымат;
12) ишкердиктин текшерилген мезгили;
13) текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн көрсөтүлгөн же көрсөтүлбөгөн иш-
кердик субъектисинин объекттери жана документтери тууралуу жалпы маалы-
мат.
14) текшерүүнүн жүрүшүндө табылган укук бузуулардын кырдаалын жана
мањызын кењири баяндоо, мында ишкердик субъектисинин ачык-айкын факты-
лары, документтери көрсөтүлөт, ошонун негизинде жасалган укук бузуу жө-
нүндө тыянак чыгарылат, ишкердик субъектиси тарабынан бузулган мыйзам-
дардын жана мыйзамдык ченемдик актылардын ачык-айкын ченемдери да көр-
сөтүлөт;
15) жол берилген бузуулардын себеби жөнүндө ыйгарым укукту орган-
дын кызмат адамынын негиздеме пикири: техникалык жањылыштык, мыйзам че-
немдерин туура эмес чечмелөө же колдонуу, ишкердик субъектисинин айрым
ченемдик укук актылары тууралуу билбегендиги, атайлап бузуу жана дагы
башка себептер;
16) текшерүүнүн түрүнө жана предметине ылайык текшерүү тыянагы ме-
нен натыйжасы;
17) ишкердик субъектисинин тарабынан мыйзамдардын жана мыйзамдык
ченемдик актылардын талаптарын бузууларга алып келген жањылыштыктар
көрсөтүлүү менен ишкердик субъектисинин ишин өркүндөтүү боюнча ыйгарым
укуктуу органдын кызмат адамынын сунуштамасы.
76. Эгерде бузуулар белгиленбесе, анда бул тууралуу актыда тийиш-
түү жазуу жүргүзүлөт.
77. Актыга текшерүү жүргүзүү убагында алынган документтердин кө-
чүрмөсү. Башкармалыктын нускамасына ылайык жүзөгө ашырылган үлгүлөрдү
(проба) тандоо тууралуу акт, жүргүзүлгөн текшерүүлөр, жүргүзүлгөн экс-
пертиза актысы тиркелет.
78. Текшерүү натыйжаларын мамлекеттик, коммерциялык жана башка
мыйзам менен сыр сакталган камтылуучу маалыматтар Башкармалыктын нуска-
масында көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык мыйзамдарда белгиленген талап-
тарды сактоо менен таризделет.
17. Башкармалыктын чечими
79. Башкармалыктын чечими (мындан ары чечим) Башкармалыктын ченем-
дик эмес актысы болуп саналат.
80. Башкармалык төмөнкү учурларда чечим кабыл алууга милдеттүү:
- текшерүү актысын карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча баш тартууларды
жана документтерди берүү үчүн ишкердүүлүк субъектине берилүүчү 10 ка-
лендардык күн аралыгынан кийин 5 жумушчу күндөн кем эмес мөөнөттө;
- табылган бузууларды четтетүү тууралуу ишкердик субъектисинин
билдирмени аткарбашы бузууларды четтетүү үчүн берилген мөөнөт өткөндөн
кийин 3 жумушчу күндөн кем эмес мөөнөттө;
- ишкердүүлүк субъектисинин суроо-талапты аткарбашы суроо-талапты
аткаруу мөөнөтү өткөндөн кийин 3 жумушчу күнүнөн ашпаган мөөнөттө;
- ишкердүүлүк субъектисинин суроо-талаптарын алуу - суроо-талап
түшкөн күндөн 30 календардык күндөн ашык мөөнөттө:
- ишкердүүлүк субъектисинин арыздарын кароо арыз түшкөн күндөн -
30 календардык күндөн ашык мөөнөттө;
- эгер ишкердик субъектисинин арызы же каршы болуусу боюнча Баш-
кармалык ушул белгиленген пункттагы мөөнөттө чечим кабыл албаса, анда
чечим ишкердик субъектисинин пайдасына кабыл алынат.
81. Чечим башкармалык белгилеген форма боюнча түзүлөт.
18. Бузууларды четтетүү тууралуу билдирме. Кабарлоо
82. Жүргүзүлгөн текшерүү жыйынтыгы боюнча бузууларды четтетүү туу-
ралуу билдирме ишкердүүлүк субъекттерине багытталат.
83. Мыйзамдардын талаптарын бузууну кетиргендик жөнүндө ишкердүү-
лүк субъекттерине маалымдоону кабарлайт жана көрсөтүлгөн бузууларды
четтетүү тууралуу Башкармалыктын талаптары камтылат.
84. Билдирме Башкармалыктын начальнигин колу жана мөөрү менен кү-
бөлөндүрүп, Башкармалык бекиткен форма боюнча эки нускада түзүлөт.
85. Билдирмеде төмөнкү милдеттүү реквизиттер камтылууга тийиш:
1) ЫуМОдо буйрутмаларды каттоо номери жана датасы;
2) ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
3) текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аты-жөнү;
4) текшерүү жүргүзүүгө тийиштүү ишкердүүлүк субъектинин аталышы
жана дареги же ишкердин жеке адамдын аты-жөнү;
5) текшерүүнүн максаты, түрү жана предмети;
6) билдирме жазууга негиз болгон чечимдин күнү жана номуру;
7) мыйзамдын ачык-айкын ченеми көрсөтүлүү менен бузуулар курамын
көрсөтүү;
8) бузууларды четтетүү үчүн ишкердик субъектисине берилген мөөнөт;
9) билдирме аткарылбаган учурда ишкердик субъектисинин жоопкерчи-
лигин белгилеген мыйзамдын ачык-айкын ченемин көрсөтүү.
86. Ыйгарым укуктуу орган ишкердик субъектисине:
1) текшерүүлөрдүн макулдашкан планына шилтеме жасоо менен алдыдагы
пландуу текшерүү жөнүндө:
2) "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүн-
дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген милдеттенмелерди ат-
каруу мөөнөтүнүн келгендиги же өтүп бараткандыгы жөнүндө;
3) берилген маалыматтар менен эсептөөлөрдү оњдоолор тууралуу;
4) текшерүүгө жаткан мыйзам талаптарын аткаруу тартиби менен
мөөнөттөрүн өзгөртүү тууралуу;
5) ыйгарым укуктуу орган менен ишкердик субъектисинин өз ара мами-
лелерине таандык болгон эркин түрдөгү көрсөтмө кењешмелер жана башка
маалыматтар тууралуу кабар жөнөтүүгө милдеттүү.
19. Башкармалыктын анын кызматтык адамдарынын
чечимдерине, иш-аракеттерине (аракетсиздик) даттануу укугу
87. Ар бир ишкердүүлүк субъектиси (мындан ары арыз берүүчү же дат-
тануучу адам). башкармалыктын аракети же аракетсиздиги же анын кызмат-
тык адамынын эгер, арыз берүүчүнүн пикири боюнча мындай чечимге аракет-
ке же аракетсиздикте анын укугу жана эркиндиги бузулса, аларды ишке
ашырууга тоскоолдук түзүлсө же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз жүктөлсө
жана эгер мындай чечим аракет же аракетсиздик бул адамдын тикеден-тике
кызыкчылыгын билдирсе коллегиалдуу же жеке чечимге арызданууга укуктуу.
88. Арыздануу укугу соттон тышкары (административдик) тартипте иш-
ке ашышы соттук эмес тартипте баш ийүүчүлүк тартиптеги жогору турган-
дарга арыз менен кайрылуу каражаты тартибинде ишке ашышы мүмкүн. Жогору
турган кызматтык адамга (мындан ары жогору турган ыйгарым укуктуу ор-
ган) (кызматтык адам) ЫуМОго караштуу арыздарды кароо боюнча комиссия-
га. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги-
не, укук коргоо органдарына арызданышы.
89. Арыздануу укугу соттук тартипте арыз кайрылуу каражаты тарти-
бинде (доо, сурам кат, сунуштоо) административдик жарандык сот өндүрүшү
тартибинде ишке ашат.
20. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү мыйзамсыз аракет
(аракетсиздик) жана күнөөлүү жактардын жоопкерчилиги
90. Башкармалыктын жана анын кызмат адамынын төмөнкү иш-аракеттери
(иш-аракетсиздик) мыйзамсыз болуп саналат:
- башкармалыктын, анын кызматтык адамдарын текшерүүнү ишке ашыруу-
нун ыйгарым укуктары мыйзамдарда белгиленген эмес;
- текшерүүнү тикеден-тике жүргүзүүдө айыптар суммасын жана башка
төлөмдөрдү акчалай түрдө алуу;
- финансылык жана административдик санкциялар жана башка төлөмдөр-
дүн мамлекеттик кирешеге түшүүлөрдү текшерүүнү жүргүзүү натыйжасында
чегерүүлөрдү квитанцияларды берүү менен жүргүзүү;
- текшерүү планына тийиштүү эмес документтерди, маалыматтарды жана
түшүндүрүүлөрдү берүү талабы;
- мыйзамдарды бузуулардан алынган ишкердүүлүк субъектилери жөнүн-
дөгү маалыматтарды топтоо, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу;
- текшерүүнү ишке ашыруунун планынын жоктугу;
- планды бекитүүсүз текшерүүлөрдү пландуу жүргүзүү:
- пландуу текшерүүлөрдү жылына бир жолу жүргүзүү;
- пландуу текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө ишкердүүлүк субъектисине жа-
зуу жүзүндөгү билдирме жөнүндө талаптардын аткарылбашы;
- текшерүү жөнүндөгү эскертүү мөөнөттөрүнүн бузулушу;
- пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча талаптардын бузу-
лушу;
- текшерүү жөнүндө мыйзамдарда же анонимдүү арыздарда каралган не-
гизсиз пландан тышкаркы текшерүүнү жүргүзүү;
- пландан тышкаркы текшерүүнү жүргүзүү мөөнөттөрүнүн бузулушу;
- контролдук текшерүүнү анын максаттарын бузуу менен жүргүзүү өт-
көн текшерүүлөрдө белгиленген ишкердүүлүк субъектилеринин бузууларын
четтетүү текшерүүсү гана эмес ошондой эле башка кошумча маселелерди
(максаттар чегинен тышкары) жүргүзүү;
- белгиленген бузууларды четтетүү үчүн ишкердүүлүк субъектисине
берилген мөөнөтү жеткенге чейин контролдук текшерүүнү жүргүзүү;
- негизсиз кайра текшерүүнү жүргүзүү Башкармалыктагы ишкердүүлүк
субъекттерин текшерүүнүн натыйжаларына арыздануу;
- арыздарды кароонун жана ал боюнча чечим кабыл алуу мөөнөттөрүн
бузуу;
- арыз боюнча чечимдерди жүйөөсүз кабыл алуу;
- кайра текшерүү жөнүндө буйуртмаларды тариздөө боюнча талаптардын
бузулушу;
пландуу текшерүүнүн бардык маселелери боюнча кайра текшерүүнү жүр-
гүзүү пландуу текшерүүнүн натыйжасына арыздануу;
- текшерүүнү жүргүзүүнүн тартибинин бузулушу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган ишкердүүлүк
субъекттеринин талаптарды сактабагандык контролдоонун ишке ашырылышы:
- ишкердүүлүк субъекттерине жазуу жүзүндө эскертүүнү чыгарбоо;
- бузууларды четтетүү тууралуу билдирмени жиберүүнүн мөөнөттөрүн
бузуу;
- мыйзамдарга ылайык ишкердүүлүк субъекттерине иш-аракет чаралары-
нын башкармалыктын кызматтык адамынын аныктабашы, эгер контролдук тек-
шерүү жүрүшүндө бузууну четтетүү фактылары аныкталса;
- буйрутмаларды тариздөө боюнча талаптардын бузулушу;
- текшерүүнү жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүнүн бузулушу:
- ишкердүүлүк субъектилеринин жумушчу эмес убактысында ишкердүүлүк
субъектисинин кызматтык адамынын аймакка же имаратка кирүүгө жол бер-
бөөсү;
- текшерүү жөнүндөгү актыны түзбөө:
- бекитилген формадагы бузуулар менен актыны түзүү (нускалар саны,
каралган маалыматтарды көрсөтпөө же толугу менен көрсөтпөө);
- кошумча документтерди, изилдөөлөр жүргүзүлгөн материалдарды,
изилдөөлөр жүргүзүлгөн протоколдор жана экспертиза материалдарынын
үлгүлөрүн (пробаларын) тандоону кошкондо актыга кошпоо;
- ишкердүүлүк субъектисине же анын кызматтык адамына же тил каты
алдында тиркемелер көчүрмөсү менен актынын бир нускасын почта байланышы
боюнча билдирме каражаты менен тапшырбоосу;
91. Ишкердүүлүк субъектисинин төмөндөгү аракеттери (аракетсиздик)
мыйзамсыз аракеттери болуп саналат:
- мыйзамдардагы талаптарды тийиштүү эмес аткаруу;
- текшерүү жөнүндөгү мыйзамдардагы жол-жоболорго ылайык милдеттүү
болуп саналган көрсөтүлгөн мөөнөттө маалыматты жана отчетуулукту бербей
коюу;
- административдик укук бузуулардын болушу лицензиясыз (каттоосуз)
лицензиялануучу иш аракетти жүргүзүү;
- мыйзамдарда белгиленген уруксат берүүчү документтерди алуусуз
иш-аракетти жүргүзүү;
- башкармалыктын кызматтык адамына мыйзамсыз тоскоолдук кылуу:
92. Текшерүүнүн жүрүшүндө өзүнүн милдеттерин жана кызматтык мил-
деттерин тийиштүү эмес аткаруу шартында башкармалык жана анын кызматтык
адамы укукка каршы аракеттерди (аракетсиздик) тартиптик, административ-
дик, материалдык жана кылмыш жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына ылайык жоопкерчилик тартат;
93. Ишкердиктин субъектисин текшерүү жүргүзүүдө мыйзамсыз аракет-
терди (аракетсиздикти) жасаган Башкармалыктын кызмат адамдары алардын
күнөөсү сот тартибинде аныкталгандан кийин 3 жылдын ичинде ыйгарым
укуктуу органда кандайдыр бир кызматты ээлөөгө укуксуз.
94. Ишкердиктин субъектисинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын
бузгандыгы жөнүндө текшерүүнүн натыйжаларынын сот тартибинде ырасталба-
шы, текшерүү жүргүзгөн адамды ээлеген кызматынан бошотуу үчүн негиз бо-
луп саналат.
95. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга күнөөлүү болгон
кызмат адамдарына карата көрүлгөн чаралар жөнүндө Башкармалык бир айлык
мөөнөттө укуктары жана мыйзамдуу талаптары бузулган ишкердиктин субъек-
тисине жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
96. Ишкердик субъектисинин укугун бузган Башкармалыктын же анын
кызмат адамдарынын укуктук туура эмес аракеттеринин натыйжасында колдон
чыккан пайданы кошкондо, ошондой эле ишкердик субъектисине карата Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди ушул ыйгарым
укуктуу орган же анын кызмат адамдары талаптагыдай эмес жүргүзүүнүн ке-
сепетинен ишкердик субъектисине келтирилген зыян тартуулар Башкармалык
тарабынан ордун толуктоого жатат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон
- ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтому менен бекитилген) Ишкердик субъектилерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон
- Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндөЗакон · 14.05.1998 · № 61 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу баалуу металлдар Башкармалыгынын ишкердүүлүк субъекттеринин ишин…Приказ · 20.10.2008 · № 177-П · Күчүн жоготкон
- Приказ Минфина от 17 июля 2002 года № 213-п "Об утверждении Инструкции о порядке получения, расходования, учета и хранения драгоценных металлов и драгоценных камней на…Приказ · 17.07.2002 · № 213 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-октябрындагы № 177/П КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИНИН "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу баалуу металлдар…Приказ · 20.10.2008 · № 177-п · Күчүн жоготкон