Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Александровка айылдык Кеңешинин «Александровка айыл аймагында 2018-жылга калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө»токтому
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Александровка айылдык Кеңешинин сессиясынын XXVII чакырылыштагы
2017-жылдын 18-сентябры № 26 Александровка айыл аймагында 2018-жылга калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө Александровка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адиси М.Ягузанын маалыматын угуп чыгып. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 4-бөлүгүнүн 339-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 7-бөлүгүнүн 3-беренесине ылайык жана калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициенттин керек болгондугуна байланыштуу: Александровка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Александровка айыл аймагынын калк конуштарындагы короо участкаларын, бакча короо участкаларын, үйдүн алдындагы участкаларын колдонуу үчүн К-3 зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:
Александровка айылы – 1,0 Беш-Көрүк айылы - 1,0 Крупский айылы - 1,0
2. Александровка айыл аймагынын калк конуштарындагы айыл чарбага дайындалбаган жерлерин колдонуу үчүн К-3 зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:
Александровка айылы – 1,2 Беш-Көрүк айылы - 0,9 Крупский айылы - 1,1 Салык бөлүмүнүн адистерине күнүмдүк иштеринде жогоруда көрсөтүлгөн коэффициентин жетекчиликке алуу сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык Кеңешинин бюджеттик, социалдык жана этикалык комиссиясынын төрагасы У.Мырзабековко жүктөлсүн.
Төрага
Ш.Ягузов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон