Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Указ Президента КР УП №152 «О мерах по повышению роли народных курултаев представителей местных сообществ Кыргызской Республики в управлении делами местного значения «
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента от 8 декабря 2025 года № 352 “Кыргыз «О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики»» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-12-08.
КР Президентинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 352 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек ш., Өкмөт Үйү
2001-жылдын 2-майы ПУ N 152
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ
Жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууда Кыргыз Республикасынын
жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн элдик курултайынын ролун
жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө
Элдик бийликтин негиздерин андан ары чындоо жана жергиликтүү өз
алдынча башкарууну өркүндөтүү, жергиликтүү маанидеги иштерди
башкарууда жана жергиликтүү бийликтин аткаруучу-тескөөчү органдарынын
ишине таасирдүү демократиялык контролду орнотууда жергиликтүү
жамааттардын ролун жогорулатуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн
элдик курултайы жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Бардык дењгээлдеги жергиликтүү кенештердин төрагалары,
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү мамлекеттик
администрациялардын башчылары:
- бир айлык мөөнөттө жер-жерлерде айылдык жана поселкалык
кењештердин дењгээлинде, ошондой эле республиканын бардык шаарларында,
анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында элдик курултайларды уюштуруу
жана өткөрүү бонча тийиштүү комиссияларды түзсүн;
- үч айлык мөөнөттө элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча
комиссиялар менен бирдикте жарандардын жыйындарында жана
чогулуштарында жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн айылдык,
поселкалык жана шаардык курултайларына делегаттарды шайлоону Кыргыз
Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн элдик курултайы
жөнүндө бекитилген Жобого ылайык өткөрсүн;
- 2001-жылдын 1-августуна карата 2001-жылдын октябрь-ноябрында
айылдык жана поселкалык кенештердин денгээлинде, ошоной эле
республиканын бардык шаарларында, анын ичинде Бишкек жана Ош
шаарларында элдик курултайларды өткөрүүнүн графигин иштеп чыксын жана
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук
өнүктүрүү иштери боюнча министринин бекитүүсүнө сунуш кылсын.
3. Биринчи элдик уюштуруу курултайларын уюштуруу жана өткөрүү
боюнча комиссияларга курултайдын кароосуна башка маселелер менен катар
төмөнкүлөрдү киргизүү сунуш кылынсын:
- жергиликтүү жамааттардын мурда кабыл алынган Уставдарына
тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же, атап айтканда,
коомдук тартипти сактоо, экологиялык жана санитардык талаптарды
сактоо, майрамдарды, башка элдик иш-чараларды жана диний ырым-
жырымдарды уюштуруу боюнча негизги эрежелер менен чараларды, ошондой
эле өзгөчө кырдаалдарда жана башка шарттарда жергиликтүү жамааттын
мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды
белгилөөнү караган жањы уставдарды кабыл алуу;
- райондук жана областтык курултайларга делегаттарды шайлоо.
4. Областтык мамлекеттик администрациялардын башчылары –
губернаторлор Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
менен макулдашуу боюнча 2001-жылдын ноябрь-декабрында райондук жана
областтык курултайларды өткөрүүнүн графигин иштеп чыксын жана аларды
өткөрүүнү уюштурсун.
5. Мындан ары төмөнкүлөр белгиленсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайланган башчылары, ошондой
эле жањыдан дайындалган жергиликтүү мамлекетик администрация башчылары
кызматка киришкен күндөн баштап 4 айдан кечиктирбестен өз ыйгарым
укуктарынын бүткүл мөөнөтүнө аймакты социалдык-экономикалык жактан
өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык жактан коргоо
программасынын долбоорун милдеттүү түрдө иштеп чыгып же жеткире иштеп
чыгып жана аларды тийиштүү элдик курултайдын кароосуна жана
жактыруусуна киргизет, андан кийин аларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө
кеминде эки жылда бир жолу курултайга отчет берип турат;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү мамлекеттик
администрациянын башчысы курултайда жактырылган аймакты социалдык-
экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан
коргоонун программасын, ошондой эле өзүнүн башка функциялык
милдеттерин канааттандырарлыксыз аткарган учурда курултай
делегеттардын 2/3 добушу менен ага ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим
кабыл алууга жана аны тийиштүү бийликтин башчысынын ыйгарым укуктарын
мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш менен Кыргыз Республикасынын
Президентине кайрылууга укуктуу.
6. «Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан
ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы № 309 Указы менен бекитилген
айылдык курултай жөнүндө Жобо күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана
мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 196 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (196)
- Новопавловка айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын УСТАВЫ (Новопавловка айылдык кеңешинин 19.11.2021-ж. № 9/76)Устав · 19.11.2021 · № 9/76
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 13-октябрындагы № 27 "Кызыл-Туу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2016 · № 27
- Күнтуу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы № 4/1 "Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» - бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.10.2016 · № 4/1
- Целинный айылдык кеңешинин 2016-жылдын 23-декабрындагы № 112 "Целинный айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын»бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2016 · № 112
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 22-27 "Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.05.2017 · № 22-27
- Ак-Башат айылдык кенешинин 2025-жылдын 29-августундагы № 19 "Ак-Башат айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.08.2025 · № 19
- Кемин шаардык кеңешинин 2016 жылдын 24 октябрындагы №2-6-27 "«Кемин шаардык жергиликтуу жамаатынын Уставын» бекитуу женундө" токтомуПостановление · 24.10.2016 · № 2-6-27
- Боролдой айылдык кеңешинин 2016 жылдын 25 октябрындагы № 7 «Боролдой айылдык аймагынын жергиликтүү коомунун Уставын бекитүү жөнүндө» токтомуПостановление · 25.11.2016 · № 7
- Александровка айылдык кеңешинин 2016 жылдын 18 ноябрындагы №103 "«Александровна айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү женүндө" токтомуПостановление · 18.11.2016 · № 103
- Фрунзе айылдык кеңешенин 2016 жылдын 26 октябрындагы №76 "«Фрунзе айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.10.2016 · № 76
- 2016 жылдын 26 октябрындагы № 93 "Бурана айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитуу жөнүндө"токтомуПостановление · 26.10.2016 · № 93
- Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 44/XXI-26 «Кочкорбаев айылдык аймактын жергиликтүү жамаачыиын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.11.2016 · № 44/XXI-26
- Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2017-жылдын 22-мартындагы № 20/3-27 "Узун-Кыр айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.03.2017 · № 20/3-27
- Ак-Бешим айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы №7 «Ак-Бешим айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2017 · № 7
- Грозди айылдык кеңешинин 2016-жылдын 31-октябрындагы № 209 "«Гроздь айыл аймагынын жергиликтүү жаматынын Уставын» бекитүү жөнүндө"" токтомуПостановление · 31.10.2016 · № 209
- Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 125 "«Таш-Мойнок айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитуу жөнүндө»" токтомуПостановление · 18.11.2016 · № 125
- Тепке айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-майдын № 1 токтому менен бекитилген "Иссык-Кол облусунун Ак-Суу районунун Тепке айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын…Устав · 29.05.2018 · № 1
- Даркан айылдык кенешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 63 «Даркан айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2018 · № 63
- Оргочор айылдык кенешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 57 «Оргочор айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.05.2018 · № 57
- Ак-Тал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 23-августундагы № 12/1 "Ак-Тал айыл аймагынын жеригиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2018 · № 12/1
196 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 352 “Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” ЖарлыгыУказ · 08.12.2025 · № 352
- Указ Президента КР от 24 октября 1996 года N УП-309 "О мерах по дальнейшему совершенствованию местного самоуправления в Кыргызской Республике"Указ · 24.10.1996 · № 309 · Күчүн жоготкон
- Положение о сельском курултае (Утверждено Указом Президента Кыргызской Республики от 24 октября 1996 года N УП-309)Положение · 24.10.1996 · № 309 · Күчүн жоготкон