Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин «2017-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыттардын айыл аймагынан сырткаары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ» токтому
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз V -сессиясы
2017-жылдын 10-февралы № 5/3 2017-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыттардын айыл аймагынан сырткаары келген жайыт пайдалануучулардын жана кыйыр пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ Мыйзамынын 4-беренесинин жана «Жайыттар жѳнүндѳ» Мыйзамынын 4-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жѳнүндѳ» 2013-жыл 13-сентябрындагы №515 токтомунун негизинде жайыт пайдалануучулардын жайыт акысын бекитүу жѳнүндѳ Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы Ч.Алжанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши , ТОКТОМ КЫЛАТ: 2017-жылга Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого алып чыккан малдардын акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин. Кой-эчки - 12 сом Жылкы - 60 сом Уй - 60 сом Эшек - 60 сом 2017-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан тышкары келген жайыт пайдалануучулар тарабынан жайлоого чыккан малдардын акылары тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин. Кой, эчки- 24 сом Жылкы -120 сом Уй -120 сом Эшек – 120сом 2017-жылга Семиз-Бел айыл аймагынан жайыттарын кыйыр пайдалануучуларына жайыт акылары (туризим багытында) ар бир боз үйгѳ 3000 сом, соода-сатык вагондордон түшкѳн жайыт акы кв. метрине 350 сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.Акишов жана жайыт комитетинин тѳрагасы Ч.Алжанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага
Р.Базаркулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 13.09.2013 · № 515 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон