Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016-жылдын 30-июну № 195 Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын борборунда шаар курулуш жана архитектура чөйрөсүндөгү саясаттын натыйжалуу ишке ашуусун жогорулатуу, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 52-1, 108, 112 жана 131-беренелерине ылайык салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын мындан ары ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө» токтому менен бекитилген 1-тиркемеге төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
«Түзүмдүк бөлүмдөр» графасындагы: 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: «2. Жер ресурстар башкармалыгы (43 шт. бирдик)»; 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: «3. Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы (49 шт. бирдик)»; 22 жана 23-пункттар менен толукталсын: «22. Муниципалдык мүлк башкармалыгы (29 шт. бирдик)»; «23. Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер башкармалыгы (16 шт. бирдик)».
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев), бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Э. Ш. Докенов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучу Э. З. Зарлыковго жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Төрага
А.М. Кененбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Бишкек шардык кеңешинин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтомуПостановление · 20.05.2015 · № 126
Шилтеме берет (3)
- Бишкек шардык кеңешинин 2015-жылдын 20-майындагы № 126 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтомуПостановление · 20.05.2015 · № 126
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон