Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин кезексиз «Ош шаарында ипотекалык шартта батирлерди берγγ боюнча иш жγргγзγγдѳ аткарыла турган иштин тартиби, орундату жолдору жана финансылык механизмдеринин параметрлерин бекитγγ жѳнγндѳ» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезексиз XXХV сессиясы (III чаырылыш)
2016-жылдын 13-январы № 311 Ош шаарында ипотекалык шартта батирлерди берγγ боюнча иш жγргγзγγдѳ аткарыла турган иштин тартиби, орундату жолдору жана финансылык механизмдеринин параметрлерин бекитγγ жѳнγндѳ Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 1853/016, 2016-жылдын 6-январындагы № 3/01-6 каттарын карап жана талкулап, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 35-токтомун жана Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 17-декабрындагы № 31-токтомун эске алып, Ош шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында ипотекалык шартта батирлерди берγγ боюнча иш жγргγзγγдѳ аткарыла турган иштин тартиби, орундату жолдору жана финансылык механизмдеринин параметрлери тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Кѳп кабаттуу γйлѳрдѳгγ батирлерди ипотекалык шартта бѳлγштγрγγдѳ Авизо менен бекитилген баланстык наркында жумуш алып барууда жоопкерчиликти Ош шаарынын мэриясына жγктѳѳ шарты менен макулдук берилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жана Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Эргешов) жγктѳлсγн.
Төрага
А. Аланов
Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы кезексиз XXXV сессиясынын № 311 - токтомуна тиркеме
Ош шаарында ипотекалык шартта батирлерди берγγ боюнча иш жγргγзγγдѳ аткарыла турган иштин тартиби, орундату жолдору жана финансылык механизмдеринин параметрлери (КР Ош шаардык кеңешини 2016-жылдын 30-майындагы № 6 ,2019-жылдын 25-декабрындагы №210 токтомунун редакциясына ылайык)
№
мγнѳздѳмѳ тартиби
Мазмуну
1
Негизи
Ош шаардык кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 230 токтому, Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы № 300 токтому. Ош шаарында турак жай курулушун ѳнγктγрγп, шаардык социалдык экономикалык абалын чындап, шаардын жашоочуларын турак-жай менен камсыздап, турак-жай маселеси боюнча кызмат кѳрсѳтγγнγ заманбап талапка ылайык жумуш алып баруу максаттарында.
2
Максаттуу топ
Белгиленген тартипте турак-жай менен алектенген жеке ишкерлер, турак-жай курулушун ѳнγктγрγγгѳ салым кошкон жолдоштук шериктештер, коомдук, жергиликтγγ жана чет элдик инвесторлор жана башка юридикалык, физикалык жактар.
3
Чектѳѳлѳр
1. Авизо менен бекитилген баланстык наркка ылайык, батирдин баасы негизги суммадан тѳмѳн жана жогору болбошу керек.
- (КР Ош шаардык кеңешини 2016-жылдын 30-майындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бѳлγнгѳн батир жеке менчикке ѳткѳрγлгѳнгѳ чейин баатир алуучу экинчи жана γчγнчγ жактарга мγлк ээсинин уруксаты жок сатууга, кγрѳѳгѳ коюуга укугу жок.
- (КР Ош шаардык кеңешини 2016-жылдын 30-майындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
4
Жалпы шарттары
Мамлекеттик банктар менен жумуш алып баруу боюнча колдонуудагы ченемдик актыларына жана ушул нускамага ылайык
5
Валюта
сом
6
Мѳѳнѳтγ
12 жылга чейин (КР Ош шаардык кеңешини 2016-жылдын 30-майындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
7
Пайыздык чен
Жылдык пайыздын ѳлчѳмγ 4 пайыз.КР Ош шаардык кеңешини 2019-жылдын 25-декабрындагы №210 токтомунун редакциясына ылайык Банктардын кызмат кѳрсѳтγγсγ акысыз турдо жγргγзγлѳт. (КР Ош шаардык кеңешини 2016-жылдын 30-майындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
8
Долбоор боюнча салым
Алдын ала салым батирдин наркынан 20%дан төмөн болбошу керек. (КР Ош шаардык кеңешини 2016-жылдын 30-майындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык) Алдын ала тγлѳнγγчγ салымга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени колдонулбайт. Батир алуучу батирдин салымын келишимге ылайык акчалай төлөйт.
9
Комиссиялык жыйымдар
“Ишеним” НМБнын кызматтарын ордун жабууга бир жолку комиссия, Банктын колдонуудагы тарифтерине ылайык өлчөмдө.
10
Жоюу графиги
Эки тараптуу келишимге, тиркелген тѳлѳм графигине ылайык айына бир жолудан кем эмес же квартал сайын.
11
Айып санкциялар
Келишим боюнча төлөмдөр өз убагында төлөнбөгөн учурда, кошуп эсептөө жоюу графиги боюнча мөөнөтү өткөн бересенин пайда болгон күндүн 5 күнүнөн баштап, Банктын колдонуудагы тарифтерине ылайык ѳлчѳмγндѳ жγргγзγлѳт.
12
Тγшкѳн каражаттар
Ипотекалык шартта берилген батирлердин акчасы келишимге ылайык (негизги сумма, пайыз, туум) Ош шаарынын мэриясынын турак-жай курулушун ѳнγктγрγγ фондунун эсептерине которулат
13
Ѳзгѳчѳ шарттар
1. Ипотекалык шартта берилген батирлерди тариздѳѳдѳ, ар кандай тѳлѳмдѳр, жыйымдар, кызматтардын наркы батир алуучу тарабынан тѳлѳнѳт;
2. Берилген батир менчикке ѳткѳрγлγп берилгенге чейин, батирдин сакталышы жана талаптагыдай колдонушу γчγн жоопкерчиликти батир алуучу тартат;
3. Батир алуучу батирди тиешелγγ тартипте ремонттоп пайдаланууну ѳз каражаттарынын эсебинен жγргγзγγгѳ милдеттγγ;
4. Ар кандай себептер менен батирди менчик ээсине кайтарып берγγ жѳнγндѳ жагдайлар пайда болгон учурда, батирди пайдаланган тарапка карата эки тараптуу тγзγлгѳн келишимде кѳрсѳтγлгѳн шарттар колдонулат.
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси С. Маматалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- 2019-жылдын 25-декабрындагы №210 "Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы №311 «Ош шаарында ипотекалык шартта батирлерди берүү боюнча иш жүргүзүүдө аткарыла турган иштин…Постановление · 25.12.2019 · № 210
- Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы № 6 "Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 13-январындагы № 311-токтому менен бекитилген Ош шаарындагы ипотекалык шартта батирлерди берγγ…Постановление · 30.05.2016 · № 6
Шилтеме берет (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 35-VI "Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.11.2015 · № 35-VI
- Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы № 300 "Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган көп кабаттуу үйлөрдү менчиктештирүүгө, укук аныктоочу документтерди берүүгө…Постановление · 26.10.2015 · № 300
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.