Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Талды-Суу айылдык кеңешинин «Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына болбогон жерлердин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкаларын көтөрүү жөнүндө» токтому
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талды-Суу айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIII заседаниеси
2016-жылдын 18-февралы № 23/6 Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына болбогон жерлердин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкаларын көтөрүү жөнүндө Алай райондук мамлекеттик админстрациясынын 2016-жылдын 19-январындагы № 01-17-17 жана 29-январындагы № 01-17-32 каттарынын негизинде жер салыгынын 337 жана 339 беренесинде көрсөтүлгөн айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына болбогон жерлердин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын көтөрүү боюнча Алай райондук финансы Министирлигинин Алай райондук финансы бөлүмүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 28 катын талкуулап Талды-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүндөгү айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасын көтөрүү боюнча Талды-Суу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 22-майындагы № 21/1 токтому күчүндө калтырылсын.
2. Талды-Суу айыл өкмөтүндөгү айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасы 1,5 эсеге көбөйтүлгөндүгүн эсептеп чыгарып, элге маалым болуш максатында маалымат тактасына илүү жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Д. Кеңешовго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жана Талды-Суу айыл өкмөтүнүн КҮБ башчысы А. Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага
Б. Абдраманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Талды-суу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 22-майындагы № 21/1 "Айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасын өзгөртүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.05.2015 · № №21/1