Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Талды-суу айылдык кеңешинин «Айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасын өзгөртүү жөнүндө» токтому
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Талды-суу айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 22-майы № 21/1
Айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы №182 мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337 беренесинин 6-бөлүмчөсүнө өзгөртүү киргизилип, айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эске алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге көтөрүү жөнүндө МСКнын Алай райондук боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 20-мартындагы №14-05-10/151 катын Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-майындагы №06 элдик жыйындын протоколун талкуулап Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнүндөгү айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасы 1,5 эсеге көбөйтүлсүн (тиркеме тиркелет).
2. Талды-Суу айыл өкмөтүнүндөгү айыл чарбасына арналган жерлердин базалык ставкасы 1,5 эсеге көбөйтүлгөндүгүн эсептеп чыгарып, элге маалым болуш максатында маалымат тактасына илүү жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Д.Кеңешовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына жана Талды-Суу айыл өкмөтүнүн КҮБ башчысы А.Эргешовго милдеттендирилсин.
Талды-Суу айылдык кеңешинин төрагасы
Б. Абдраманов.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 182 · Күчүн жоготкон