32-статья. Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышына, катталышына жана пайдаланылышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл
Күчүндө · 30.12.2024 редакциясы
Мамлекеттик архив кызматынын мекемелери, министрликтер, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана бардык жеке жактар Улуттук архив фондунун документтерин сактоону, каттоону жана пайдаланууну камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткарышына мамлекеттик контролду мамлекеттик бийлик органдары ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын архив иши жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдарынын сакталышына, атайын эрежелерде жана нускамаларда белгиленген документтер менен иштөө ченемдеринин жана принциптеринин сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүү мамлекеттик архив кызматынын системасында түзүлгөн атайын ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт. Мамлекеттик бийлик органдары өздөрүнүн отурумдарында тийиштүү аймакта жайгашкан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иш кагаздарын жүргүзүү жана документтердин сакталышын камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди кароого милдеттүү.
Берененин тексти 30.12.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/288/st-32" title="32-статья - Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>