Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
31-статья. Мамлекеттик архив кызматы. Анын ишинин милдеттери жана негизги багыттары
Күчүндө · 30.12.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июня 2005 года № 79
Мамлекеттик архив кызматын архив ишин башкаруучу органдар жана архив мекемелери түзөт. Архив ишин башкаруу органдарына жана алардын мекемелерине Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтерин сактоо, сакталышын камсыз кылуу, борбордоштуруп мамлекеттик каттоого алуу, документтерди комплектөө, аларды пайдалануу, белгиленген тартипте жарыялоо, ошондой эле башкаруу ишин документтештирүүнүн азыркы учурдагы системаларын иштеп чыгуу жана колдонуу, мамлекеттик органдарда, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иш кагаздарынын абалына жана жүргүзүлүшүнө контролду сактоону камсыз кылуу, бул ишти уюштурууда, кадрларды даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда аларга усулдук жардам көрсөтүү боюнча милдеттер жүктөлөт. Мамлекеттик архив кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын аймагында менчигинин түрүнө, ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке адамдар тарабынан кимдин жараны экендигине карабастан архив иши боюнча мыйзамдардын кынтыксыз сакталышына контроль жүргүзөт. Архив ишин башкаруу органдарынын архивдердин ишинин маселелери жана иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу боюнча чечимдери жана көрсөтмөлөрү бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.12.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Архив ишине тиешелүү мыйзамдарда көрсөтүлгөн укук бузууларга администрациялык жаза-чараларын колдонуу тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 06.06.2008 · № 178 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/288/st-31" title="31-статья - Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>