27-статья. Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу эрежелери
Күчүндө · 30.12.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 апреля 2021 года № 52
27-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 27-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Улуттук архив фондунун документтери мамлекеттик жана ведомстволук архивдерге сактоого түшкөн учурдан тартып пайдалануу үчүн ачык. Ар бир жеке адам жана юридикалык жак мамлекеттик архивдин документтерин пайдаланууга укуктуу. Жарандардын жана юридикалык жактардын мүлктүк укуктарына тиешелүү архивдик маалымдамалар негизги ээлерине гана же болбосо алардын ишеним каты же соттун талабы боюнча берилүүгө тийиш. Мамлекеттик архивдерде Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу эрежелери ушул мыйзамдын негизинде архив ишин башкаруучу республикалык орган тарабынан, ал эми министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда сакталып турган Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануу тартиби - архивдердин ишинин колдонуудагы эрежелерине ылайык ушул юридикалык жактардын башкаруу органдары тарабынан аныкталат. Архив мекемелери архивдик документтерде камтылган жана мыйзам тарабынан корголгон мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык жана башка сырды сактоого милдеттүү. Архивдик документтерди пайдаланууну чектөөгө төмөндөгү учурларда жол берилет:
а) мамлекеттик сырдын ачыкка чыгып кетишине алып келиши мүмкүн болсо;
б) архивдик документтердин сакталышына зыян келтириши мүмкүн болсо (мындай учурда түп нусканын ордуна көчүрмө берилет);
в) болуп саналган жарандардын жеке кызыкчылыгына зыян келтирсе.
Калган учурларда архив документтерин пайдалануудан баш тартууга жол берилбейт. Улуттук архив фондунун мамлекеттик, коммерциялык же кызматтык сырды камтыган документтерин пайдаланууга чектөө киргизүү улуттук коопсуздук органдарынын документтерин (улуттук коопсуздук органдарынын документтерин пайдаланууга чектөө оперативдүү маанисин жоготкон мезгилден тартып 75 жылга чейинки мөөнөткө белгиленет) кошпогондо, документтер түзүлгөн учурдан тартып 30 жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. Жашыруун сактоонун 30 жылдык мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу же мамлекеттин мыйзам актыларынын негизинде өзүнүн жашыруун мүнөзүн жоготкон Улуттук архив фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн документтеринин жашыруундук белгисин өзгөртүү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык мамлекеттик архив кызматынын системасындагы Архивдик документтердин жашырындуулугун алып салуу боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан мекемелер, мамлекеттик музейлер жана китепканалар, ведомстволук архивдер тарабынан жүргүзүлөт. Архив документтеринин ээлери (түзүүчүлөрү) болуп саналган жарандар алардын мазмунун жарыя кылбоону шарттоого же аларды пайдаланууну 75 жылга чейинки мөөнөткө чектөөгө укуктуу. Мамлекеттик архивдерге түшкөн жеке менчик архивдердин документтерин пайдаланууга чектөө киргизүү мөөнөтү аларды берген жарандар тарабынан шартталышы мүмкүн, бирок берилген учурдан тартып 75 жылдан ашпоого тийиш. Документтер сактоого берилгенде бул документтердин ээси (түзүүчүсү) кайсы маалыматтарды жарыя кылууга болбой тургандыгын мамлекеттик архивге жазуу жүзүндө эскертүүгө тийиш. Архив документин пайдалануучу, эгерде бул документти пайдаланууга мыйзамда чек коюлбаса, документтин сакталган жерине шилтеме берүү менен архив документин жарыялоого, окуп берүүгө жана башкача түрдө пайдаланууга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79, 2013-жылдын 22-февралындагы № 29, 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги текстке дал келбейт
Берененин тексти 30.12.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 апреля 2021 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 февраля 2013 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июня 2005 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
12.04.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…түшкөн учурдан тартып пайдалануу үчүн ачык.
Ар бир жеке адам кошулду: жана юридикалык жак мамлекеттик архивдин документтерин пайдаланууга укуктуу. Жарандардын кошулду: жана юридикалык жактардын мүлктүк укуктарына тиешелүү архивдик маалымдамалар негизги ээлерине … документтерде камтылган жана мыйзам тарабынан корголгон мамлекеттик, алынып салынды: аскердик, кызматтык, коммерциялык жана башка сырды сактоого милдеттүү. Архивдик … баш тартууга жол берилбейт.
Улуттук архив фондунун мамлекеттик, алынып салынды: аскердик, коммерциялык же кызматтык сырды камтыган документтерин пайдаланууга … 2005-жылдын 18-июнундагы № 79, 2013-жылдын 22-февралындагы № алынып салынды: 29 кошулду: 29, 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын…
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-июлундагы № 523 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 31.07.2012 · № 523 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/288/st-27" title="27-статья - Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>