Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-статья. Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу мамлекеттик сактоого берүү
Күчүндө · 30.12.2024 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 апреля 2021 года № 52
Улуттук архив фондунун документтерин министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо, мамлекеттик комиссияларда, мамлекеттик ишканаларда, бирикмелерде жана уюмдарда ушул Мыйзамдын 17-статьясында белгиленген сактоо мөөнөтү бүткөндө, бул документтер, сөзсүз түрдө атайын архивдик кутуларда, папкаларда, тубустарда, алардын эсебинен иреттелип, белгиленген тартипте толукталып, тиешелүү илимий-маалымат аппараты менен мамлекеттик архивге туруктуу сактоого өткөрүлүүгө тийиш. Электрондук документтер менен кошо, керектүү учурларда аларды кайра жаздыруу үчүн программалык каражаттар да өткөрүлөт. Мамлекеттик менчик түрүндөгү аудиовизуалдык продукцияларды иштеп чыгаруучулар өз продукциясынын бирден нускасын сөзсүз түрдө мамлекеттик сактоого акысыз өткөрүүгө милдеттүү. Улуттук архив фондунун документтерин мамлекеттик архивдерге туруктуу сактоого өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын архив иштери боюнча мыйзамдарында аныкталат. Мамлекеттик түзүмдөрдүн катышуусу менен түзүлгөн эл аралык уюмдардын, биргелешкен ишканалардын документтери, эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, мамлекеттик архивдерге сакталууга өткөрүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июнундагы № 79, 2013-жылдын 22-февралындагы № 29, 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.12.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 апреля 2021 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 февраля 2013 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июня 2005 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
12.04.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…сөзсүз түрдө мамлекеттик сактоого акысыз өткөрүүгө милдеттүү.
алынып салынды: Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери документтердин мамлекеттик бөлүгүн Улуттук архив фондуна сактоого өз убагында жана толук эмес өткөргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликте болушат.
Улуттук архив фондунун документтерин мамлекеттик архивдерге туруктуу … 2005-жылдын 18-июнундагы № 79, 2013-жылдын 22-февралындагы № алынып салынды: 29 кошулду: 29, 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин…Постановление · 18.01.2012 · № 11
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 4-апрелиндеги №2970-V "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" токтомуПостановление · 04.04.2013 · № 2970-V
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-июлундагы № 523 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 31.07.2012 · № 523 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/288/st-18" title="18-статья - Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>