Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ноокат шаардык кеңешинин № «Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаар кеңешинин жана Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерине эки айлык акы өлчөмүндү сыйлык, материалдык жардам катары берүү жөнүндө» токтому
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз IV чакырылышынын XXXI сессиясынын отуруму
2016-жылдын 24-февралы № XXXI-4 Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаар кеңешинин жана Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерине эки айлык акы өлчөмүндү сыйлык, материалдык жардам катары берүү жөнүндө Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаар кеңешинин жана Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерине эки айлык акы өлчөмүндү сыйлык, материалдык жардам катары берүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Муниципалдык кызмат жөнүндөгү 2013-жылдын 24-июлундагы №157 мыйзамынын 17 беренесинин 2-бөлүгүнө негиз муниципалдык кызматчыларга эки айлык акы өлчөмүндө сыйлык, материалдык жардам катары берилсин:
-2111 эмгек акыга 496,0 миң сом; -2121 соц. фонду 85,6 миң сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын 2016-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А. Гафаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 24.07.2013 · № 157 · Күчүн жоготкон