14-статья. Кредиттик союздун жалпы чогулушу
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2009 года № 23
1. Кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби кредиттик союздун уставында каралат.
Кредиттик союздун катышуучуларынын ар жылы өткөрүлүүчү (жылдык) чогулушу каржы жылы бүткөндөн кийин үч айдан кечиктирбестен өткөрүлөт. Жылдык чогулуштан тышкары, кредиттик союздун катышуучуларынын, кредиттик союздун башкармасынын же текшерүү комиссиясынын добуш берүүгө укуктуу кеминде элүү пайызынын демилгеси боюнча кезексиз (атайы) чогулуштары өткөрүлүшү мүмкүн.
2. Кредиттик союздун жалпы чогулушунун компетенциясына төмөндөгү маселелер кирет:
1) кредиттик союздун уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
2) кредиттик союздун иш планын жана программасын, чыгаша жана киреше боюнча сметаларды, алардын аткарылышы боюнча отчетторду бекитүү;
3) белгиленген принциптерге жана ченемдерге ылайык пайыздын, кредиттик, иквестициялык, дивиденд боюнча саясаттарды бекитүү;
4) Башкарманын, кредиттик комитеттин жана текшерүү комиссиянын мүчөлүгүнө шайлоо жана кайра чакырып алуу, алар тууралу Жоболорду бекитүү;
5) бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон сактык пайлары боюнча дивиденддердин өлчөмүн жарыялоо;
6) кредиттик союздарды өзгөртүп түзүү же/жана жоюу менен байланышкан маселелерди чечүү;
7) эгерде кредиттик союздун уставында алар тууралу каралган болсо, башкарманын, кредиттик комитеттин жана текшерүү комиссиянын мүчөлөрүн сыйлоо өлчөмдөрүн аныктоо;
8) ушул Мыйзам тарабынан кредиттик союздун жалпы чогулушунун компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
3. Кредиттик союздун катышуучуларынын жылдык чогулушунун компетенциясына төмөндөгү маселелерди чечүү кирет:
1) жылдык каржы планын жана аны аткаруу тууралу отчетту бекитүү;
2) жылдык иш жыйынтыгын жана кредиттик союздун башкармасынын отчетун бекитүү;
3) кредиттик союздун Башкармасынын, кредиттик комитеттин жана текшерүү комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо.
4. Чогулуштун боло тургандыгы тууралу катышуучуларга чогулуш өткөрүлүүчү күнгө жыйырма күн калгандан кечиктирбестен, кредиттик союздун катышуучуларынын реестринде көрсөтүлгөн даректер боюнча кредиттик союздун башкармасы тарабынан жекече билдирилет. Билдирмеде чогулуш өткөрүү убактысы жана жайы, күн тартиби көрсөтүлөт.
(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/280/st-14" title="14-статья - Кредиттик союздар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>