Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-статья. Кредиттик союздан чыгаруу
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы
1. Кредиттик союздун катышуучусу ушул Мыйзамда каралган шарттардын сакталышы менен кредиттик союздан чыгарылышы мүмкүн.
Кредиттик союздан чыгаруу ал тууралу 30 күн мурда билдирүү жана кредиттик союздун башкармасынын отурумунда ага сөз сүйлөөгө укук берүү менен жүзөгө ашырылат. Кредиттик союздун катышуучусу аны кредиттик союздан чыгаруу тууралу башкарманын бул чечимине макул болбосо, кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы чогулушуна даттанууга укугу бар.
2. Кредиттик союздун катышуучусу кредиттик союздан төмөндөгүдөй учурларда чыгарылат:
1) кредиттик союздун алдындагы өз милдеттенмелерин аткарууга абийирсиздик менен мамиле жасаган учурларда;
2) ушул Мыйзамга жана кредиттик союздун Уставына каршы келген башка аракеттерге жол берген учурларда.
3. Ушул статьяга ылайык кредиттик союздан чыгарылган катышуучуга, аны биротоло чыгаруу тууралу чечим кабыл алынган күндөн тартып квартал ичинде сактык пайлары төлөнүп берилет. Мында, ушул убакыт ичиндеги дивиденддер, эгерде уставда ал тууралу белгиленген болсо, каржы жылынын жыйынтыгы боюнча төлөнүп берилиши мүмкүн.
4. Кредиттик союздун катышуучусу, эгерде ал кредиттик союздун алдында карыз алуучу же кепил катары милдеттенмелерин аткарбагандыктан улам, ушул статьяга ылайык кредиттик союздун катарынан чыгарылган болсо, анын сактык пайларын төлөп берүү токтотулушу болбосо сактык пайларынан кармап калынышы мүмкүн.
IV-Глава Кредиттик союздун башкаруу органдары
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/280/st-13" title="13-статья - Кредиттик союздар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>