Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-статья. Адвокаттын милдеттери
Күчүн жоготкон · 14.07.2014 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 июля 2014 года № 135.
Юридикалык жардам көрсөтүүдө адвокат:
- колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын жана кесиптик этиканын эрежелерин сактоого;
- өзүнө юридикалык жардам үчүн кайрылган жеке жана юридикалык жактардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоонун мыйзамда каралган бардык каражатын жана ыкмаларын колдонууга милдеттүү.
Иш боюнча тараптардын биринин өкүлү же коргоочусу катары чыккан жана чыгып жаткан адвокат ушул эле иш боюнча башка тараптын өкүлү же жактоочусу катары чыгууга укуксуз. Бир эле адам, тергөө процессинде жана соттордо эгерде бирин жактоонун таламы башкасын жактоо таламына каршы келсе, эки же бир нече адамдын жактоочусу боло албайт. Жактоочунун бирин башкага алмаштырууга жакталуучунун өтүнүчү же макулдугу боюнча гана жол берилет. Адвокат өзү макулдугун берген айыпкерди же соттолуучуну жактоодон баш тартууга укуксуз. Адвокат юридикалык жардам сурап кайрылган адамдарга карата:
- юридикалык жардамга кайрылган адам адвокат менен кеңешкенден кийин маалыматты ачыкка чыгарууга макул болгондон;
- юридикалык жардам үчүн кайрылган адам тарабынан адвокаттын пикири боюнча өлүмгө алып келиши же болбосо оор жаракат келтириши мүмкүн болгон аракеттерди жасоого жол бербөө үчүн жасалгандан башка учурларда, жашыруундукту сактоого милдеттүү.
Өзүнүн кесиптик милдетин аткаруу учурунда адвокат тарабынан, адвокатка кайрылган адамдан алынган маселелер боюнча, түшүндүрүүлөрдүн, кеңеш берүүлөрдүн жана башка маалыматтардын мазмуну жашыруундуулуктун заты болуп саналат. Адвокатка, адвокаттын жардамчысына, адвокаттык мекемелердин кызматкерлерине жашыруун маалыматтарга жаткан кабарды ачыкка чыгарууга жана аларды өз кызыкчылыгында же үчүнчү жактардын кызыкчылыгында пайдаланууга тыюу салынат.
Берененин тексти 14.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/277/st-13" title="13-статья - Адвокаттык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>