12-статья. Адвокаттардын укугу
Күчүн жоготкон · 14.07.2014 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 июля 2014 года № 135.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 марта 2004 № 47
Кесиптик ишмердигин жүзөгө ашырууда адвокат:
- жарандар менен юридикалык жактардын тапшыруусу боюнча, менчигинин түрүнө карабастан, тийиштүү маселелерди чечүү кызмат укугуна кирген бардык органдарда, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда алардын өкүлү болууга жана алардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоого;
- жарандык, чарбалык, жазыктык иштерде жана администрациялык укук
бузуулар жөнүндө иштерде далил катары колдонулушу мүмкүн болгон фактылар жөнүндө маалымат топтоого;
- күбөлөрдөн жазуу жүзүндөгү арыздарды алууга, жеринде карап чыгуунун жеке протоколдорун түзүүгө;
- менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан, ал эми жарандардан-алардын макулдугу боюнча документтерди же алардын көчүрмөлөрүн суроого жана алууга;
- тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон, мыйзам тарабынан корголгон маалыматтардан башка, документтер жана материалдар менен менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда таанышууга;
- атайын билимди талап кылган маселелер боюнча адистердин жазуу жүзүндө корутундусун алууга;
- айыпкерге карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандап алуу жөнүндөгү өтүнмөлөрүн (токтомун) прокурордун кароосунда тергөөчү ага милдеттүү түрдө катышууга, ошондой эле жазуу же оозеки түрдө өтүнүч билдирүүгө; Кыргыз Республикасынын Жазы-процесстик кодексинин 110-статьясынын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жүйөлүү себептерден тышкарыда, айыпкерди камакта кармоонун мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө маселени прокурордун кароосунда да адвокат милдеттүү түрдө катышууга;
- кызмат адамдарынын кабылдоосунда өтүнмөлөр менен даттанууларды билдирүүгө жана мыйзамга ылайык алардан ошол өтүнмөлөр менен даттануулар боюнча жазуу жүзүндө жооп алууга;
- өз өтүнмөлөрү жана даттануулары коллегиалдуу органдардын отурумдарында каралган учурда аларга катышууга жана алардын маани-мазмуну боюнча колдонулган мыйзамга ылайык түшүнүк берүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте камакта отурган кардар менен жолугушуулардын убактысына жана санына чектөө койбостон тоскоолдуксуз жекече жолугушуп турууга;
- жазык ишине шектүүнү (айыпкерди) алгачкы суракка алган учурдан тартып, ал эми кармалганда ал алгачкы текшерүү органына жеткирилген учурдан тартып катышууга;
- шектүүнүн (айыпкердин) пайдасына күбө өткөн материалдарды жеке өзү же детективдин жардамы менен өз алдынча чогултууга, юридикалык жардам көрсөтүүгө байланыштуу маселелерге түшүнүк берүү үчүн келишимдин негизинде адисттердин корутундусун суратып алууга;
- менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден тактамаларды, мүнөздөмөлөрдү жана башка документтерди суратып алууга;
- сотто жана тергөөдө далилдерди келтирүүгө, өтүнмөлөрдү жана четке кагууларды билдирүүгө;
- иштин материалдарынан зарыл маалыматтарды жазып алууга же алардын көчүрмөлөрүн алууга;
- алгачкы текшерүү органынын кызматкерлеринин аракетине, тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын, соттун аракетине жана чечимине даттануу берүүгө жана аларды кароого катышууга;
- мыйзамга карама-каршы келбеген ар кандай коргонуу каражаттарын жана ыкмаларын колдонууга укуктуу.
Тергөө аракетин жүргүзүүгө катышып жаткан адвокат тергөөчүнүн уруксаты менен суралып жаткан адамдарга суроо берүүгө укуктуу. Тергөөчү жактоочунун суроолорун четке кагышы мүмкүн, бирок суроолорду протоколго киргизүүгө милдеттүү. Жактоочу тергөө аракетинин протоколуна андагы жазуулардын тууралыгы жана толуктугу жаатында жазуу жүзүндөгү сын-пикирлерди жазууга укуктуу. Адвокат сот заседаниесинде көрсөтмөлөрдү жазып алуунун үн жазма жана башка техникалык түрлөрүн пайдаланууга укуктуу. Адвокатуранын тизмесинде турган адвокат Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле тиешелүү чет мамлекеттин мыйзамдарында чектөөлөр жок болсо, чет өлкөдө да юридикалык жардам көрсөтүүгө укуктуу. Чет мамлекеттен келген адвокаттар Кыргыз Республикасынын адвокат келген өлкө менен мамлекеттер аралык макулдашууларынын негизинде Кыргыз Республикасында жарандарга жана юридикалык жактарга ар кандай түрдөгү юридикалык жардам көрсөтө алат. (КР 2004-жылдын 24-мартындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/277/st-12" title="12-статья - Адвокаттык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>