9-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү төлөөчүлөр
Күчүндө · 23.04.2026 редакциясы · 2-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 апреля 2026 года № 56
Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар, алардын обочолонгон бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү);
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жактар.
Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр Кыргыз Республикасынын иш берүүчүлөрү, кызматкерлери жана жарандары тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган катышта жана өлчөмдөрдө төлөнөт. Жарандардын төмөнкүдөй категориялары үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген катышта жана өлчөмдөрдө, бирок жылына 1,5 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө төлөнөт:
- калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын органдарында расмий катталган жумушсуз жарандар;
- пенсионерлер, анын ичинде аскер пенсионерлери;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана социалдык жөлөкпул алуучулар;
- он сегиз жаш куракка толгонго чейинки балдар, кесиптик башталгыч, орто, жогорку билим берүү уюмдарында билим алуучулар - алар жыйырма бир жаш куракка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдө окугандарды кошпогондо);
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка органдарында кызмат өтөп жаткан адамдар;
- Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ынайын күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, чет өлкөлүк жарандар же Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан жана иштеп жаткан адамдар үчүн, ошондой эле жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар, кайрылмандар үчүн төгүмдөрдү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучу же чет өлкөлүк жарандар же Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан жана иштеп жаткан адамдар, жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар, кайрылмандар өз алдынча төлөйт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында камтылбаган адамдар милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин, анын ичинде накталай эмес формада сатып алуу жолу менен милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү төлөйт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында ишке ашырылуучу мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укукту жана камсыздандырылган деген статусту берет. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин наркын эсептөө методикасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-мартындагы № 72, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 апреля 2026 года № 56 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О медицинском страховании граждан в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 29 марта 2023 года № 72 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О медицинском страховании граждан в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
23.04.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…чектелген адамдар жана социалдык жөлөкпул алуучулар;
- он алынып салынды: алты кошулду: сегиз жаш куракка толгонго чейинки алынып салынды: балдар (жалпы кошулду: балдар, кесиптик башталгыч, орто, жогорку билим берүү алынып салынды: уюмдарынын жана медреселердин окуучулары - алар окуусун бүткөнгө чейин, бирок алар он сегиз жаш куракка толгондон ашык эмес), баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери кошулду: уюмдарында билим алуучулар - алар жыйырма бир жаш куракка толгонго чейин (сырттан же кечки … аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-мартындагы № алынып салынды: 72 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 72, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-сентябрындагы № 491 "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.09.2023 · № 491
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 597 "Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 15.11.2023 · № 597
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 20.06.2018 · № 287
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.03.2021 · № 89
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 582 "Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз…Постановление · 27.08.2026 · № 582
- Постановление Правительства КР от 29 июня 1999 года N 363 "О даче согласия на внесение дополнений в проект Закона Кыргызской Республики "О медицинском страховании граждан в…Постановление · 29.06.1999 · № 363 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 287 токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 287
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/275/st-9" title="9-статья - Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>