Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 23-апрели № 56
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2000-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 9-статьянын үчүнчү бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- он сегиз жаш куракка толгонго чейинки балдар, кесиптик башталгыч, орто, жогорку билим берүү уюмдарында билим алуучулар - алар жыйырма бир жаш куракка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдө окугандарды кошпогондо);".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2026-жылдын 1-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 18.10.1999 · № 112
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 18.10.1999 · № 112