Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Суу шаардык кеңешинин «Кара-Суу-Дан-Азык» АКмун жер салыгынан бошотуу жөнүндө» токтому
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ депутаттардын кара-суу шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) кезексиз XXI сессиясынын заседаниесинин
2012-жылдын 30-марты №21/6 Кара-Суу-Дан-Азык» АКмун жер салыгынан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы №77 декретинин, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №57 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 2011-жылдын 4-июлундагы №10/1070, «Кара-Суу-Дан-Азык» акционердик коомунун 2011-жылдын 4-августундагы №68, Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 12-сентябрындагы №423 каттарынын эске алып жана Кыргыз Республикасынын Салык жөнүндөгү Кодексинин 330 жана 334-беренелеринин негизинде Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кара-Суу-Дан-Азык» акционердик коому жер салыгынан жалпы суммасы 78,0 миң сом 2010-жылдын июнь айынан 2011-жылдын 31-декабрына чейин бошотулсун.
2. Кара-Суу шаарынын мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө (А.Ботояров) бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы
Т.Ю.Алиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы № 57 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому кызматтык пайдалануу документи болуп саналат) токтомуПостановление · 18.02.2011 · № 57
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон