Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Суу шаардык кеңешинин «Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-февралындагы №20/8 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ депутаттардын кара-суу шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) кезексиз XXI сессиясынын заседаниесинин
2012-жылдын 30-марты №21/5 Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-февралындагы №20/8 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, укук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын 2012-жыл 29-февралындагы протоколунун жана Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 29-февралындагы №52 катынын негизинде Депутаттардын Кара-Суушаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 13-февралындагы №20/8 токтомунун 1-пунктуна төмөндөкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: Кара-Суу шаарынын мэриясына Кара-Суу шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлер инвентаризация кылынып бүткөрүлгөнгө чейин, жаны аныкталып сатыла турган муниципалдык жерлерге аукцион өткөрүүнү, түз сатууну жана ижарага берүүнү эки айлык мөөнөткө (2012-жылдын 1-февралынан 2012-жылдын 1-апрелине чейин) токтотуп туруу милдеттендирилсин.
2. Депутаттардын Кара-Суу шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 13-февралындагы №20/8 токтомунун 2,3-пунктары өзгөртүлүүсүз калтырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, укук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы
Т.Ю.Алиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.