Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Суу шаардык кеңешинин «Кара-Суу шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлерди аукцион аркылуу ижарага берүү жана түз сатуу жолу менен сатууну убактылуу токтотуп туруу жөнүндө» токтом
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) XX сессиясынын заседаниеси
2012-жылдын 13-февралы №20/8 Кара-Суу шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлерди аукцион аркылуу ижарага берүү жана түз сатуу жолу менен сатууну убактылуу токтотуп туруу жөнүндө Депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин 2011-жыл 29-декабрындагы №19/11 токтомунун 2-пунктун аткарылышын камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаарынын мэриясына Кара-Суу шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлер инвентаризация кылынып бүткөрүлгөнгө чейин, муниципалдык жерлерге аукцион (ижарага берүү, сатуу) жана түз сатуу жолу менен сатууну эки айлык мөөнөткө токтотуп туруу милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу шаарынын мэриясына жана жер участокторуна укуктарды берүү, курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун атарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Суу шаардык кеңешинин курулуш, коммуналдык чарба, энергетика, турак-жай жана жер маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы
Т. Ю. Алиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы №189 "«Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору…Постановление · 22.03.2006 · № 189 · Күчүн жоготкон