Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-статья. Маалыматташтыруу жаатындагы мамлекеттик саясат
Күчүн жоготкон · 19.07.2017 редакциясы · 1-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 июля 2017 года № 127.
1. Маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маселелерин чечүүнү натыйжалуу маалыматтык камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталат.
2. Маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары:
- жарандардын, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан коомдук бирикмелердин, ишканалардын жана уюмдардын маалыматтык керектөөлөрүн ар тараптуу канааттандыруу үчүн шарттарды түзүү;
- бирдиктүү илимий-техникалык саясатты жүзөгө ашыруунун негизинде компьютердик маалыматтык тутумдарды жана тармактарды түзүү жана өркүндөтүү жолу менен улуттук маалыматтык инфраструктуралардын өнүгүшүн колдоо;
- республикадагы мамлекеттик жана бүткүл дүйнөлүк маалыматтык тармактарды жана тутумдарды өнүктүрүүнү колдоо;
- улуттук маалыматтык ресустарды калыптандыруу, өнүктүрүү, сакталышын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу;
- маалыматтык продукциялардын, ресурстардын, технологиялардын, ошондой эле маалыматтык тутумдардын, тармактардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн рыногун калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү;
- маалыматтык ресурстарды, тутумдарды жана тармактарды түзүү жана пайдалануу менен байланышкан улуттук эгемендикти жана коопсуздукту камсыз кылуу;
- жарандардын жана уюмдардын маалыматтык ресурстарга жетүү укугун, ошондой эле маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү алардын менчик укугун жана автордугун коргоону ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасында болгон илимий, техникалык жана өндүрүштүк дараметти, ошондой эле учурдагы дүйнөлүк деңгээлди эске алуу менен маалыматтык техниканын каражаттарын жана технологияларын өндүрүүнү уюштуруу;
- маалыматташтыруунун долбоорлорун жана программаларын мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын, мамлекеттик эмес булактардын жана чет өлкөлүк инвестициялардын каражаттарынын эсебинен иштеп чыгууну жана ишке ашырууну каржылоонун тутумун түзүү жана өркүндөтүү;
- маалыматтык техниканын жана технологиянын алдыңкы каражаттарын иштеп чыгууга, алып келүүгө, сунуш кылууга жана пайдаланууга багытталган ишке кызыктыруунун жана жеңилдик берүүнүн экономикалык тутумун түзүү;
- маалыматтын, КМШ өлкөлөрүнүн бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин түзүүгө көмөк көрсөтүүчү маалыматтын классификациясынын жана стандартташтыруусунун жана эл аралык маалыматтык тармактар жана тутумдар менен интеграциялашуунун прогрессивдүү тутумдарын кабыл алуу;
- маалыматташтырууну өнүктүрүүнүн уюштуруучулук жана укук-ченемдик негиздерин чыңдоо жана өнүктүрүү;
- мектептик башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнү, маалыматташтыруу чөйрөсүндө кадрларды даярдоону жана илимий изилдөөлөрдү колдоо болуп саналат.
3. Маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 19.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/270/st-3" title="3-статья - Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>