Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-статья. Негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 19.07.2017 редакциясы · 1-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 июля 2017 года № 127.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2016 года № 130
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: маалымат - баяндоо формасына карабастан адамдар, буюмдар, объектилер, фактылар, окуялар, кубулуштар жана процесстер жөнүндө маалыматтар; маалыматтык технология - эсептөө техникасынын жана телекоммуникациянын каражаттарынын, аларды маалыматты издөө, иштеп чыгуу, сактоо, берүү жана алуу үчүн пайдалануунун программалык каражаттарынын жана усулдарынын жыйындысы; маалыматтык инфраструктура (маалыматташтыруунун инфраструктурасы) - маалымат борборлорунун, базаларынын жана банктарынын, байланыш тутумдарынын жана маалыматтарды берүүнүн маалыматтык жыйындысы, мамлекеттин маалыматтык тармагынын иштешин камсыз кылуучу башка структуралар; маалыматты документтештирүү (документ) - аны идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү реквизиттери бар, материалдык ар кандай маалымат алып жүрүүчүдө белгиленген маальшат; маалыматтык ресурстар - өзүнчө же болбосо маалыматтык тутумдун курамындагы ар кандай алып жүрүүчүдөгү пайдалануу үчүн жарактуу программалык каражаттар жана документтер; маалыматтар базасы - көп кызматта пайдалануу жана модификациялоо үчүн арналган маалыматтардын интеграцияланган жыйындысы; маалыматтар банкы - адамдын иш-аракетинин белгилүү бир буюмдук жаатындагы иш-аракети жөнүндө маалыматтарды борборлоштуруп жыйноо, сактоо жана жамааттык колдонуу үчүн арналган программалык, маалыматтык жана техникалык каражаттардын жыйындысы, ошондой эле файлдар же бири-бири менен байланышпаган маалымат базалары түрүндө сакталуучу маалыматтардын өзү; маалыматтык процесстер - маалыматты жыйноонун, иштеп чыгуу, сактоо, берүү, издөө жана жайылтуу процесси; маалыматтык тутум - маалыматтык технологияны колдонууга негизделген тутум; маалыматтык тутумдарды камсыз кылуунун түрлөрү - тутумдун көрсөтмө берилген милдеттеринин баарын кадимкидей аткарууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон техникалык, программалык, математикалык, уюштуруучулук, лингвистикалык, укуктук жана башка түрлөрү; маалыматташтыруу - маалыматтык технологияларды, маалыматтык ресурстарды иштеп чыгуу, түзүү, өздөштүрүү жана пайдалануу, өзүнө уюштуруучулук, илимий-техникалык, социалдык жана өндүрүштүк-экономикалык компоненттерди жана айрым жарандардын, алардын бирикмелеринин, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын, бүтүндөй коомдун маалыматтык керектөөлөрүн коомдун турмушунун бардык чөйрөлөрүндө маалыматтык ресурстарды калыптандыруу жана пайдалануу жолу менен канааттандырууга багытталган ишинин натыйжасынын процесси; маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр - маалыматтык чөйрөдө иштеген адамдар жана юридикалык жактар тарабынан жарандардын жана уюмдардын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган кызмат көрсөтүүлөрү; маалыматтык ресурстардын, маалыматтык технологиялардын, маалыматтык тутумдардын менчик ээси - көрсөтүлгөн объекттерге ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө ыйгарым укуктарга ээ болгон субъект; маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү жана маалыматтык ресурстарды керектөөчү (пайдалануучу) - маалыматтык тутумга, маалыматтык ресурстун менчик ээсине же ортомчуга өзүнө зарыл болгон маалыматты берүү үчүн кайрылуучу жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген же пайдалануучунун сатылып алынган укуктарынын чектеринде пайдалануучу субъект; купуя маалымат - ага жетүү белгилүү бир адамдардын чөйрөсү менен чектелген документтештирилген маалымат; маалыматты коргоо - маалыматтык ресурстарга санкциясыз кийлигишүүнү, маалыматты алуу, көчүрүү, жайылтуу. бурмалоо, жок кылуу же бөгөт коюу боюнча мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо; электрондук башкаруу - маалыматтык технологияларды пайдалануу менен жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүү процессин кошуп алганда, башкаруу процесстерин автоматташтырууга негизделген мамлекеттик башкарууну уюштуруу тутуму; мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануунун бардык аспекттеринин жыйындысы. (КР 2016-жылдын 22-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2016 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информатизации"Редакцияларды салыштыруу
22.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бурмалоо, жок кылуу же бөгөт коюу боюнча мыйзамсыз аракеттерди алынып салынды: болтурбоо.кошулду: болтурбоо;
электрондук башкаруу - маалыматтык технологияларды пайдалануу менен жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүү процессин кошуп алганда, башкаруу процесстерин автоматташтырууга негизделген мамлекеттик башкарууну уюштуруу тутуму; мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануунун бардык аспекттеринин жыйындысы.
(КР 2016-жылдын 22-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/270/st-2" title="2-статья - Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>