Баш-Дөбө айылдык кенешинин «Баш-Дөбө айыл округунун Жайыт комитетине караштуу жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана жайыт пайдалануучулардан, жайыт акысын алуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-апрели №21/2 Баш-Дөбө айыл округунун Жайыт комитетине караштуу жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана жайыт пайдалануучулардан, жайыт акысын алуу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXI сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Дөбө айыл округунун Жайыт комитетинин төмөнкү сунушталган бюджетb бекитилсин: 2012-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөмдөрдүн өлчөмү:
- Кара-мал,топоз бир баш учун-80 сом
- Кой.эчкилер бир баш учун-16сом
- Жылкы,тее,эшек бир баш учун-80сом
Жогорудагы жылдык бюджет жана киреше-чыгашалар сметасы менен №1,№2 тиркемелер бекитилсин.
2. Баш-Дебв жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнөн сырткаркы жайыт пайдалануучулар үчүн жайыт акынын өлчөмү төмөндөгүдөй жүргүзүлсүн:
- Кара-мал, топоз бир баш үчүн-100 сом.
- Кой-эчкилер бир баш үчүн-20сом.
- Жылкы, төө, эшек бир баш үчүн-100 сом.
3. Баш-Дөбө айыл округуна караштуу Айыл-ичиндеги жана жакынкы «Көк-таш», алыскы «Кичи-Чаар-Таш» жайыттарынын ички жана тышкы чек араларын аныктоо менен Жайыт комитетине өткөрүп берүү 2012-жылдын 30-июнь айына чейин бүтүрүү иштери айыл округунун башчысы К.Ганиевке милдеттендирилсин.
4. Баш-Дөбө айыл округунун аймагындагы (отчет боюнча 237 га. Адыр боорундагы ички жайыттардын өзгөчө шартын эске алуу менен сарамжалдуу пайдалануу максатында) Жайыт, комитетине жайыт пайдалануучуларга бөлүштүрүп берүүгө уруксат берилсин. Жайыт акысы №4 тиркеме боюнча жүргүзүлсүн.
5. Баш-Добо айыл округунун Жайыт комитетине пайдаланган жайыт жерлери үчүн жер салыгын жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
Баш-Дөбө айыл кеңешинин төрагасы
Исаков С.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241