Логвиненко айылдык кеңешинин «Логвиненко айылдык округдун аймагында “Жайыт жерлерди ” колдонууда салыктын төлөнүшүн бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты № 16/3-27 Логвиненко айылдык округдун аймагында “Жайыт жерлерди ” колдонууда салыктын төлөнүшүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актысынын” 8-берененин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Жайыт жерлер жөнүндө” 4- беренесине ылайык, айылдык кеңештин сессиясы жайыт жерлерди колдонууда эффективдүү жана рационалдуу башкаруу максатында, Логвиненко айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. жайыт жерлерди колдонууда салык акысы төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:
Ири мүйүздүү мал башына 80,0 сом бир башка Жаш мал (бодо мал) 65,0 сом бир башка Кой, эчки 17,0 сом бир башка Жылкы 100,0 сом бир башка
2. Башка айыл аймагынын малдарына эки эсе акы алынсын.
Жайыт комитетинин төрагасынын бир айлык акысы-3500 м.сом. Жайыт комитетинин эсепчисинин бир айлык акысы-3000м.сом. Жайыт жерлерин кыдырып кайтаруучуга бир айлык акысы келишимге ылайык. Эмгек акысынын төлөмдөрүнүн фонду 2017-жылдын март айынан баштап 31-октябрьга чейин төлөнсүн. Ар кандай төлөмдөр үчүн-20000 м.с.
3. Токтомдун аткарылышын жана төлөмдөрдү чогултуп айыл өкмөтүнө жөнөтүү милдети жайыт комитетине жүктөлсүн.
Төрага
Р. Суеркулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон