Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин «Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө» токтому
КОҢУР -ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын 9 -отуруму
2017-жылдын 6-февралы № 9/5 Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын №182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөтүүлөрдү киргизүү жөнүңдө кабыл алынган салык кодексинин 337—статьясынын 6-пукнтуна өзгөртүү киргизилип, айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 2 эсеге чейин көбөйтүүгө башкача айтканда чөп чабынды жердин азыркы базалык ставкасы 1га жерге 13,85 сом төлөнсө аны 2 эсе көбөйтүү боюнча элдин пикирин, сунуштарын эске алып, айылдык кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын жана убактылуу салык кызматкери Т.Кыдыркуловдун билдирүүсүн угуп, талкуулоонун негизинде Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүң айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы 2 эсеге көбөйтүлсүн.
2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы 2 эсеге көбөйгөндүгүү тууралуу жергиликтүү жамааттарга жана элге толук жеткирүү жагы айыл башчыларга тапшырылсын.
3. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүң айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасы көтөрүлгөн баада салык жыйымдарын топтоо убактылуу салык инспектору Т.Кыдыркуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Азимжановго тапшырылсын.
Төрага
С. Жээналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 182 · Күчүн жоготкон