Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кең-Арал айылдык Кеңешинин (Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинде белгиленгендей, токтому менен бекитилген жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган, башка максаттарга пайдалануу укугун беүүнүн тартиби жөнүндө) токтому
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кең-Арал айылдык Кеңешинин XXXIХ чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2017-жылдын 2-марты № 5 Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январында “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинде белгиленгендей, 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган, башка максаттарга пайдалануу укугун беүүнүн тартиби жөнүндө типтүү Жобону жетекчиликке алып жана Кен-Арал айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Султаналиев Салымбектин кайрылуусун канааттаныруу максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт жерлер мал жаюудан башка максаттарга пайдаланууга алынган жана пайдалануу мөөнөтү бүткөн жерлерге келишимдер түзүлсүн (айдоо, бак дарак, чөп чабык, мобильдик байланыш станция, акиташ, таш-кум, балык өстүрүү, аарычылык, туризм ж.б.)
2. Мобилдик станциялар турган жер аянттарына айына 5000 (беш мин) сом өлчөмүндө ижара акысын төлөп берүү жагы мобилдик станцияларга сунушталсын. ( Альфа телеком, Нур телеком, Билайн-терра компании).
3 Пайдаланууга алынган жайыт жерлердин документтери жок болуп, келишим түзүүдөн баш тарткан жарандардан мыйзам бузуулар болсо, укук коргоо органдарына кайрылып, чара көрүлүп жерлери алынсын.
4. Токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы: С. Султаналиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага
И. Жумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 13.09.2013 · № 515 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон