Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
33-2-статья. Инвесторду квалификациялуу инвестор деп таануу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · VI бөлүм
1. Инвестордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган квалификациялуу инвестордун критерийлерине ылайык келүүсү инвестор менен келишимдик мамилелери бар Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан белгиленет.
Кесипкөй инвесторлор үчүн инвестициялык фонддун акцияларына (үлүштөрүнө) карата инвестордун укуктарын эсепке алууда баалуу кагаздар рыногунун көптөгөн кесипкөй катышуучулары катышканда, баалуу кагаздар рыногунун инвестор менен келишимдик мамилелери бар кесипкөй катышуучусу баалуу кагаздар рыногунун ушул катышуучусу менен келишимдик мамилелери бар кесипкөй катышуучуларынын суроо-талабы боюнча бул инвестордун квалификациялуу инвестордун статусуна ылайык келе турганын ырастоого милдеттүү.
2. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддун акциялары (үлүштөрү) баштапкы же экинчи рынокто баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан өзүнүн кардарынын кызыкчылыгы үчүн сатып алынган учурда, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу квалификациялуу инвестор болуп саналуучу жактын кызыкчылыктарында иш жүргүзүп жатканы тууралуу акционердик инвестициялык фонддун, башкаруучу компаниянын, адистешкен каттоочунун, депозитарийдин, фонддук биржанын суроо-талабы боюнча аларга жазуу жүзүндө ырастоо берүүгө милдеттүү.
3. Квалификациялуу инвестор болуп саналбаган инвестордун кызыкчылыгында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу сатып алган, квалификациялуу инвесторлор үчүн акционердик коомго тийиштүү болгон акциянын (үлүштүк инвестициялык фондго тийиштүү болгон үлүштүн) рыноктук наркынын төмөндөшүнүн натыйжасында инвестордо келип чыгуучу чыгашалар үчүн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялуу инвестор болуп саналбаган инвестордун алдындагы жоопкерчилиги баалуу кагаздар рыногу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
Эгерде баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу инвестор өзү жөнүндө же баалуу кагаздар рыногунун бул инвестордун кызыкчылыгында иш жүргүзгөн кесипкөй катышуучусу билдирген жалган маалыматтардын негизинде инвесторду квалификациялуу деп тааныса, ушул бөлүктө каралган жоопкерчилик келип чыкпайт. (КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/255/st-33-2" title="33-2-статья - Инвестициялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>