Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
33-1-статья. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддорду түзүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · VI бөлүм
1. Акционердик инвестициялык фонддун уставында жана эмиссия проспектинде жана үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде инвестициялык фонд квалификациялуу инвесторлорго гана арнала турганы каралышы мүмкүн.
Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, мындай фонддордун акцияларын (үлүштөрүн) квалификациялуу инвестор болуп саналбаган жактардын сатып алышына жол берилбейт.
2. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонд өзүнүн статусун акцияларын (үлүштөрүн) квалификациялуу инвестор болуп саналбаган жактардын сатып алышына жол берген фондго өзгөртө албайт.
3. Инвестициялык фонд квалификациялуу инвесторлорго гана арналганы жөнүндө маалыматтар инвестициялык фонддун эмиссия проспектинин (эрежелеринин) титулдук барагында, ошондой эле инвестициялык фонддун эмиссия проспектинин (эрежелеринин) текстинин эң башталышында көрсөтүлүүгө тийиш, ал эми акционердик инвестициялык фонд үчүн анын уставында да көрсөтүлүүгө тийиш.
Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддун кандай гана болбосун ачык кулактандыруулары бул фонд квалификациялуу инвесторлор үчүн гана экенин көрсөтүү менен коштолууга тийиш.
4. Жабык үлүштүк инвестициялык фонддор квалификациялуу инвесторлор үчүн фонддор гана болушу мүмкүн.
(КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/255/st-33-1" title="33-1-статья - Инвестициялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>