Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья. Инвестициялык фонд жана венчурдук фонд түшүнүгү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 127
1. Өзүнүн инвестициялык активдерин чыгаруу жана көпчүлүктүн алдына жайгаштыруу аркылуу акча каражаттарын тартуу жана тартылган акча каражаттарын кийин баалуу кагаздарга диверсифицикациялуу инвестициялоо үчүн түзүлүүчү, ушул Мыйзамда каралган жамааттык инвестициялоо түрлөрү инвестициялык фонддор болуп саналат. Ушул Мыйзамда белгиленген учурларда, инвестициялык фонддорго акча каражаттарын тартуу жеке сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасында инвестициялык фонд катары акционердик инвестициялык фонддор жана үлүштүк инвестициялык фонддор иштешет.
3. Акционердик инвестициялык фонд катары:
- акцияларды ачык сатуу жолу менен жеке жана юридикалык жактардын каражаттарын тарткан;
- тартылган каражаттарды жана инвестициялык ишмердүүлүк учурунда алынган каражаттарды инвестициялык автивдерге инвестициялаган ачык акционердик коом таанылат;
- (төртүнчү абзац КР 2011-жылдын 17-октябрындагы N 172 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Бешинчи абзац КР 2011-жылдын 17-октябрындагы N 172 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул Мыйзамда акционердик инвестициялык фонддор деп төмөнкүлөр таанылбайт:
а) коммерциялык банктар жана башка кредиттик мекемелер;
б) камсыздандыруу уюмдары;
в) холдинг компаниялар;
г) дилерлер;
д) брокерлер;
е) депозитарийлер жана клиринг уюмдары.
Жогоруда көрсөтүлгөндөргө кошумча иретинде атайын мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынуучу акционердик коомдор акционердик инвестициялык фонддор болуп саналбайт.
5. Акционердик инвестициялык фонддор Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталган инвестициялык фонддун ишинен айырмаланган башка ишти жүргүзүүгө, ошондой эле өз иш-аракетинин түрүн өзгөртүүгө укугу жок.
6. Ушул Мыйзамда инвестициялык пайларды көпчүлүккө сунуштоо жолу менен башкаруучу компания тарабынан ишенимдүү башкарууга берилген кардарлардан алынган инвестициялык активдеринен, ошондой эле ишенимдүү башкаруу процессинде башкаруучу компания тарабынан алынган мүлктөн турган, юридикалык жакты түзбөстөн обочолонгон мүлктүн комплекси инвестициялык пайлык фонд деп табылат. Ушул Мыйзамда белгиленген учурларда, үлүштүк инвестициялык фондго акча каражаттарын тартуу инвестициялык үлүштөрдү жеке сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
7. Ушул Мыйзамда венчурдук фонд деп стартаптарга жана инновациялык компанияларга андан ары инвестициялоо үчүн квалификациялуу инвесторлордун акча каражаттарын жана башка мүлкүн тартуу жана топтоо жолу менен түзүлүүчү инвесторлордун каражаттарынын бирикмеси таанылат.
(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 , 2011-жылдын 17-октябрындагы № 172 , 2019-жылдын 29-мартындагы N 41, 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2026 года № 127 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам венчурного финансирования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 41 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности инвестиционных фондов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 октября 2011 года № 172 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционных фондах""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 апреля 2003 года № 67 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестиционный фондах"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Инвестициялык кошулду: фонд жана венчурдук фонд түшүнүгү
1. Өзүнүн инвестициялык активдерин чыгаруу жана … үлүштөрдү жеке сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
кошулду: 7. Ушул Мыйзамда венчурдук фонд деп стартаптарга жана инновациялык компанияларга андан ары инвестициялоо үчүн квалификациялуу инвесторлордун акча каражаттарын жана башка мүлкүн тартуу жана топтоо жолу менен түзүлүүчү инвесторлордун каражаттарынын бирикмеси таанылат.
(КР 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 67 , 2011-жылдын 17-октябрындагы № 172 , 2019-жылдын 29-мартындагы N алынып салынды: 41 кошулду: 41, 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июнундагы № 371 “Инвестициялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 14.06.2017 · № 371 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №774 "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 18.12.2009 · № 774 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №411 "«Инвестициялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 26.07.2011 · № 411 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-октябрындагы № 482 “Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”…Постановление · 17.10.2018 · № 482 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 10 июня 2002 года №368 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об…Постановление · 10.06.2002 · № 368 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 17.10.2011 · № 172
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/255/st-1" title="1-статья - Инвестициялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>