Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Инвестициялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-07-26.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 26-июлу № 411 «Инвестициялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Инвестициялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
«Инвестициялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. «Инвестициялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., № 1, 17-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-беренеде:
1-бөлүктөгү «ачык жайгаштыруу» деген сөздөр «коомго жайгаштыруу» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-бөлүктө:
- биринчи абзацтагы «ачык түрдөгү акционердик коом» деген сөздөр «ачык акционердик коом» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацтагы «эмиссиялоо» деген сөз «сатуу» деген сез менен алмаштырылсын;
- төртүнчү жана бешинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Инвестициялык пайларды коомго сунуш кылуу жолу менен башкаруучу компания ишенимдүү башкарууга алган кардарлардын инвестициялык активдеринен, ошондой эле башкаруучу компания ишенимдүү башкаруу процессинде алган мүлктөн турган, юридикалык жакты түзбөгөн обочолонгон мүлктөрдүн комплекси ушул Мыйзамда пайлуу инвестициялык фонд катары таанылат.».
2. 2-беренеде:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Андеррайтер - баалуу кагаздардын коомдук эмиссиясын чыгаруунун учурунда баалуу кагаздарга жазылууну жүргүзүү же баалуу кагаздарды сатуу милдеттенмеси бар келишимди баалуу кагаздардын эмитенти менен түзгөн, же болбосо баалуу кагаздарга жазылууну же аларды башка жактардын сатып алышын камсыз кылуучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу.»; төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Кызмат адамы - директорлор кеңешинин төрагасы, мүчөсү, инвестициялык фонддун, баалуу кагаздар рыногуна катышуучунун аткаруу органынын жетекчиси жана мүчөсү, ошондой эле коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат адамы деп таанылган адам.»; он төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Депозитардык иш - баалуу кагаздарга карата болгон укукту жаш (же) укуктун өтүшүн каттоо жана ошол баалуу кагаздардын жаш бүтүмдөрдү жасоо үчүн арналган, ошондой эле менчик ээси же ошо; баалуу кагаздардын номиналын кармоочу менен түзүлгөн келишимдин (депозитардык келишимдин) негизинде жасалган бүтүмдөрдөн түшкөн акча каражаттарынын эсебин алуу жана (же) сактоо боюнча иш.»; он алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Башкаруучу компания - өзүнүн атынан жана башкаруучу компаниянын кардарларынын кызыкчылыктарын көздөп жана алардын эсебинен инвестициялык активдерге ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүргүзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу.»; он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Инвестициялык фонддун иши - өзүнүн баалуу кагаздарын чыгаруу жана ачык жайгаштыруу жана тартылган каражаттарды баалуу кагаздар менен башка инвестициялык активдерге андан ары диверсифициялап инвестиция кылуу аркылуу акча каражаттарын тартуу боюнча иш.».
3. 14-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Акциялардын эмиссиясын жана/же эмиссиянын проспектисин жана инвестициялык фонддун коомго сунуш кылуусунун шарттарын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.».
4. 18-берененин 1-бөлүгүндөгү «мүлктү ишенимдүү башкаруу» деген сөздөр «инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 1055-V ""Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.09.2011 · № 1057-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 1053-V ""Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.09.2011 · № 1053-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 1055-V ""Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.09.2011 · № 1055-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 1054-V ""Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.09.2011 · № 1054-V
Шилтеме берет (3)
- Инвестициялык фонддор жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 92
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон