17-статья. Тарыхый-маданий мурас эстеликтерин ээликтен ажыратуу тартиби
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · II бөлүм
Ушул Мыйзамда айтылган ченемдерди сактоо менен менчик ээси өзүнө таандык болгон эстеликтерди ээликтен ажыратуунун кандай түрүндө болсун эркин ээликтен ажыратуу (сатуу, белекке берүү, алмашуу, ижарага берүү ж.б.) укугуна ээ болот. Эстеликтерге карата менчик укугунан мажбурлоо жолу менен ажыратууга төмөндөгүдөй учурларда: эстеликтин сакталышына кайдыгер мамиле кылуудан улам анын бузулушу же жок кылынышы мүмкүн болгондо; менчик ээси ушул Мыйзамдын 16-статьясында каралган эстеликтерди коргоо жана пайдалануу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алуудан баш тартканда жол берилет. Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын доосу боюнча кабыл алынган соттун чечиминин негизинде гана мажбурлап ээликтен ажыратылышы мүмкүн. Жеке жакты анын жашаган үйү же жашаган имарат-жайы болуп саналган эстеликке ээлик кылуу укугунан мажбурлап ажыратуу, ага Мыйзамда белгиленген тартипте башка жайды же келишим боюнча тийиштүү компенсация бербей туруп жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес. Менчик ээси укугунан мажбурлап ажыратылган учурда эстеликтин сакталышына көзөмөл жүргүзүү төмөнкүдөй жолдор менен камсыздалууга тийиш: эстелик мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилет; эстеликти сактоону жана коргоону камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди алуудан мамлекеттик органдар баш тарткан учурда эстелик: ачык сатылууга; ушул Мыйзамга ылайык эстеликтин сакталышын камсыз кылууга жөндөмдүү субъекттин менчигине келишимдик негизде өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Кандай гана учурда болбосун жаңы менчик ээси: ушул Мыйзамга ылайык эстеликтин сакталышын камсыз кылуу боюнча өзүнө милдеттенме алууга; мурдагы менчик ээсине ачык сатууда келишимде белгиленген, ал эми талаш-тартыш болгон учурда сот тарабынан белгиленген өлчөмдө компенсация төлөп берүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/254/st-17" title="17-статья - Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>