16-статья. Менчик ээлеринин милдеттери
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · II бөлүм
Тарыхый-маданий мурас объекттеринин менчик ээлери эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдардан белгиленген үлгүдөгү тиешелүү коргоо документин алууга милдеттүү. Коргоо документинде менчик ээсин төмөнкүдөй: эстеликтердин толук сакталышын камсыз кылуу; эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдарда эстеликтерди каттоо: кыймылсыздарды - турган жерлери боюнча, кыймылдууларды - менчик ээсинин жашаган жери боюнча каттоо; эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдарга: менчик укуктарындагы болжолдонгон өзгөрүүлөр жөнүндө; эстеликтердин турган жеринин, аларды күтүүнүн жана пайдалануунун шарттарындагы болжолдонгон же болуп өткөн өзгөрүүлөр жөнүндө; эстеликтерди оңдоо, консервациялоо, реставрациялоо, регенерациялоо боюнча жумуштар жөнүндө; эстеликтердин абалынын күтүүсүздөн начарлап кетиши жөнүндө өз убагында кабарлоо; эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдар менен түзүлгөн коргоочу документтерине толуктоолор болуп эсептелген атайын келишимдерде белгиленген тартипте жана чектерде эстеликтерди илимий, маданий жана башка жактардан изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо милдеттенмелери сөзсүз көрсөтүлүүгө тийиш. Коргоо документтеринде жогоруда көрсөтүлгөн сөзсүз түрдөгү милдеттенмелерден тышкары эстеликтердин бөтөнчөлүгүнө жана өзгөчөлүктөрүнө ылайык колдонулуучу атайын милдеттенмелер камтылат.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/254/st-16" title="16-статья - Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>