11-статья. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу ишине илимий мекемелердин, окуу жайларынын жана музейлердин, коомдук уюмдардын жана бирикмелердин, ишканалардын жана жарандардын катышуусу
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2012 года № 143
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, илимий мекемелер, окуу жайлары жана музейлер өз эсебинен, кошумча алынган каражаттардын эсебинен тарыхый-маданий мурас объекттеринде илимий-иликтөө иштерин жүргүзүшөт, эстеликтердин илимий баасын аныктоо жагында эксперттер катары чыгышат, өздөрүнүн илимий иликтөө пландарында жана окуу программаларында тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу маселелерин изилдөөнү жана окутууну караштырышат. Тарыхый-маданий мурас объекттеринин менчик ээлери болуп саналган жарандар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү талаптарды милдеттүү аткаруу менен алардын сакталышын жана корголушун камсыз кылууга милдеттүү:
- тарыхый-маданий мурас объектисинин паспортуна сактоо буюмзаты катары киргизилген маалыматтарга ылайык тарыхый-маданий мурас объектисинин ички жана тышкы келбетин сактоого;
- эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдан тарыхый-маданий мурас объектисинин аймагынын чектеринде жер казуу, жерге жайгаштыруу, курулуш, мелиорациялык, чарбалык жана башка жумуштарды жүргүзүүгө уруксат алууга;
- тарыхый-маданий мурас объекттеринин өзгөчө корголуучу режиминин сакталышын камсыз кылууга;
- тарыхый-маданий мурастын объектисинин өздөрү тарабынан белгиленген шарттарда жетимдүү болуусуна;
- тарых жана маданият эстеликтерин пропагандалоого жана кеңири жайылтууга катышууга.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/254/st-11" title="11-статья - Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>