10-статья. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2012 года № 143
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн аймагында:
- тарыхый-маданий мурас объекттерин издеп табууну, эсепке алууну, коргоону, реставрациялоону жана пайдаланууну камсыз кылышат;
- тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылышат;
- экономикалык жана социалдык өнүгүү пландарында жергиликтүү маанидеги эстеликтерди эсепке алууну, коргоону жана реставрациялоону уюштуруу боюнча иш-чараларды карайт, ошондой эле аларды жүзөгө ашырууну жергиликтүү бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылашат;
- ишканалардын, уюмдар менен мекемелердин эстеликтерди жетектөөгө алуусун уюштурууга көмөк көрсөтүшөт;
- тиешелүү багыттагы мекемелерди жана коомчулукту эстеликтерди коргоо жана пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө тартышат;
- эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен макулдаштыкта эстелик болуп саналган мамлекеттик менчиктеги имараттарды жана курулуштарды пайдаланууга берүү жөнүндө маселени чечишет;
- эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын макулдугу менен шаарларды жана башка калктуу конуштарды пландаштыруунун, куруунун, реконструкциялоонун долбоорлорун иштеп чыгууда жана бекитүүдө бардык категориядагы эстеликтерди издеп табуу, изилдеп үйрөнүү, сактоо, ошондой эле тарыхый-курулуш таяныч пландарын жана карта-схемаларды түзүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылышат;
- чарбалык-курулуш жана жүгүртүү максаттарында өздөштүрүү үчүн жер участокторун бөлүп берүүнү эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусу болгондо гана жүзөгө ашырышат;
- эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунушу боюнча эстеликтер үчүн коркунуч туудуруучу курулушту жана башка жумуштарды токтото туруу, ошондой эле аларга тыюу салуу маселесин чечишет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырышат.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 143 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 215-т (Жер тилкесин мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өткөрүп берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 02.04.2026 · № 215-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 3-июнундагы № 299 ("Маданият жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү функцияларды жана ыйгарым…Распоряжение · 03.06.2024 · № 299
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/254/st-10" title="10-статья - Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>