Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Аламүдүн райондук кеңешинин «2012-жылга Аламүдүн району боюнча айыл аймактарындагы жиктелген жер салыгынын базалык чендери жөнүндө» токтому
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Аламүдүн райондук кеңешинин 25 чакырыктагы 23 сессиясы
2011-жылдын 22-декабры №116
2012-жылга Аламүдүн району боюнча айыл аймактарындагы жиктелген жер салыгынын базалык чендери жөнүндө Мамлекеттик салык кызматынын Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын “2012-жылга Аламүдүн району боюнча айыл аймактарындагы жиктелген жер салыгынын базалык чендери жөнүндөгү” сунушун (тиркелет) угуп жана талкуулап Аламүдүн райондук кеңешинин сессиясы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесинин 6-пунктунун негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын “2012-жылга Аламүдүн району боюнча айыл аймактарындагы жиктелген жер салыгынын базалык чендери жөнүндөгү” тиркемеге ылайык сунушу (тиркелет) кабыл алынсын.
2012-жылга айыл аймактарындагы жиктелген жер салыгынын бул токтом мененн бекитилген базалык чендери боюнча төлөмдөрдү кармоону 2012-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүү аныкталсын.
2. Айыл өкмөттөрүнүн башчыларына, Мамлекеттик салык кызматынын Аламүдүн району боюнча башкармалыгына, бириккен дыйкан, фермердик жана башка чарбалардын жетекчилерине айыл-чарба жерлерин пайдалануу иштеринде Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси жана Аламүдүн райондук кеңешинин бул токтому жетекчиликке алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесине ылайык Аламүдүн району боюнча айыл-чарба жерлерин 2012-жылга пайдалануу үчүн жиктелген жер салыгынын базалык чендеринин төмөнкү өлчөмдө аныкталышы кабыл алынсын:
Облустардын жана райондордун аталышы
Жер салыгынын базалык чендери (сом.га)
Сугарылган айдоо жери
Кайрак жер
Көп жылдык чөптөр
Чабылуучу чөптөр
жайыт
1
2
3
4
5
6
Аламүдүн району
400
56,5
209
23,1
10,8
Жер салыгынын көлмөлөрдү пайдалангандыгы үчүн базалык чендери, бул статьянын 1-бөлүгү менен каралган тиешелүү райондун сугарылган жер үчүн колдонулган чендери боюнча аныкталат.
4. “Аламүдүн кабарлары” гезитинин редакциясына Аламүдүн райондук кеңешинин “2012-жылга Аламүдүн району боюнча айыл аймактарындагы жиктелген жер салыгынын базалык чендери жөнүндөгү” токтому тиркемелери менен жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жерди пайдалануу жөнүндөгү” Мыйзамдын 32-беренесинин негизинде бул токтомду Чүй облустук юстициядан каттоодон өткөрүү райондук кеңештин аппаратына (башкы адис Сагынбаева Г.) тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Аламүдүн райондук кеңешинин “Экономика, бюджет жана каржы боюнча”туруктуу депутаттык комиссиясына (төрага Расулова Н.) жана Аламүдүн райондук кеңешинин башкы адиси Г.Сагынбаевага милдеттендирилсин.
Аламүдүн райондук кеңешинин төрагасынын орун басары
К.Бекбосунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон