Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каракол шаардык кенешинин «Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2009-жылдын 9-декабрындагы «Каракол шаарынын экономикалык-пландаштыруу зоналарынын чекараларын бекитүү жана К3 зоналдык коэффициентин белгилөө жөнүндө» №25-25/6 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2011 жылдын 16 апрели № 25/34-10 Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2009-жылдын 9-декабрындагы «Каракол шаарынын экономикалык-пландаштыруу зоналарынын чекараларын бекитүү жана К3 зоналдык коэффициентин белгилөө жөнүндө» №25-25/6 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармасынын башчысынын орун басары М.Курманбековдун 2011-жылдын 11-мартындагы №03-6/466 катын карап чыгып, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча жана экономика, каржы, соода, өнөр жай, энергетика, туризм, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссияларынын корутундууларын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин ХХV чакырылышынын ХХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2009-жылдын 9-декабрындагы «Каракол шаарынын экономикалык-пландаштыруу зоналарынын чекараларын бекитүү жана К3 зоналдык коэффициентин белгилөө жөнүндө» №25-25/6 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы «Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы №255»,-деген сөздөр «2010-жылдын 10-февралындагы №25»- деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- биринчи бөлүктөгү «Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27 июлундагы №255», «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 327 беренесинин 8 бөлүгүнө ылайык»,- деген сөздөрдүн ордуна төмөнкү сөздөр жазылсын: «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339 беренесинин 4 пуктуна ылайык».
2. Кыргыз Республикасынын 20.07.2009-жылдагы №241 «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты ушул токтомдун мамлекеттик каттоосун Ысык-Көл областтык Адилет башкармасында Мамлекеттик нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн өткөзсүн.
3. Бул токтом ММКда жарыялансын.
4. Бул токтом Мамлекетик нормативдик актылар реестринде катталып, массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, энергетика,туризм, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (В.Т.Алаков) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы
А.А.Иманбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 10.02.2010 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 27.07.2009 · № 255 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.