Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нарын райондук кеңеши «Нарын районунун административдик аймагында жер салыгын жана 1, 2, 3 тайпадагы мүлк салыгынын объектилерин киргизүү жөнүндө» токтому
НАРЫН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ II чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2012-жылдын 4-февралы № 20/3 Нарын районунун административдик аймагында жер салыгын жана 1, 2, 3 тайпадагы мүлк салыгынын объектилерин киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» № 231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Нарын районунун административдик аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 1-январынан баштап Нарын районунун административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:
-айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы; -1, 2, 3 тайпадагы мүлк объектилеринин мүлк салыгы.
2. Салыктык эсептер төмөндөгү тартипте жүргүзүлсүн:
-Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» негизинде жер салыгы жана 1, 2, 3 тайпадагы мүлк объектилеринин мүлк салыгы.
3. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом 2012-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мамлекеттик салыккызматынын Нарын району боюнча башкармалыгына (Р.А.Абдылдаев) тапшырылсын.
Депутаттардын Нарын райондук кеңешинин төрагасы
М. Курманкожоев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон