Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү жамаатынын VII Элдик курултайын өткөрүү жөнүндө» токтому
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXV сессиясы
2015-жылдын 30-марты № 01-05/151 Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү жамаатынын VII Элдик курултайын өткөрүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри Эгембердиев Кубанычбек Мырзамамытовичтин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 59-беренесинне жана Кыргыз Республиксынын Президентинин 2001-жылдын 02-майындагы № 152 Жарлыгы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө» Жобого ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 28-апрель күнү жергиликтүү жамаатынын VII Элдик курултайын өткөрүү күнү деп белгиленсин.
2. Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү жамаатынын VII Элдик курултайында төмөндөгү маселелер күн тартибине киргизилсин.
- Кочкор-Ата шаардык мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-жылдын жыйынтыгы жана 2014-жылга коюлган милдеттери жөнүндө. (Докладчы Кочкор-Ата шаарынын мэри К. М. Эгембердиев)
- Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставына өзгөртүүлөрдү киргизип бекитүү.
-Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн, Эл башын жана квартал башчыларын шайлоо.
3. Жергиликтүү жамаатынын VII Элдик курултайын өткөрүүнү жогорку деңгээлде өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттин түрдүү чыгымдар эсебинен 100 000(бир жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана акча каражаты менен камсыз кылуунун каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардын мэри К.М.Эгембердиевге жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы
Б. Артыков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Положение о сельском курултае (Утверждено Указом Президента Кыргызской Республики от 24 октября 1996 года N УП-309)Положение · 24.10.1996 · № 309 · Күчүн жоготкон