Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шардык кеңешинин «Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 433 „Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту, такси - жеңил автомобиль жана жүк ташуучу автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнүн жана жүк ташуунун тарифтеринин жеңилдиктерин монетизациялоону киргизүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Бишкекского городского кнеша от 17 мая 2011 года № 225 "О тарифах на перевозку пассажиров и багажа общественным пассажирским транспортом в городе Бишкек"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-05-17.
Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы № 225 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2008-жылдын 27-ноябры № 23 Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 433 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту, такси - жеңил автомобиль жана жүк ташуучу автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнүн жана жүк ташуунун тарифтеринин жеңилдиктерин монетизациялоону киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Бишкек шаарынын жүргүнчүлөр муниципалдык ишканаларынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, борбордун тургундарын стабилдүү ташуу жана кээ бир категориядагы жарандарды бекер ташуу (акча төлөөнү эске алуу менен) үчүн, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 433 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту, такси жеңил автомобиль жана жүк ташуучу автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнүн жана жүк ташуунун тарифтеринин жеңилдиктерин монетизациялоону киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- бул токтомдун 1-, 3-пункттары жана № 1, 3 тиркемелери күчүн жоготту деп табылсын;
- токтомдун 2-пункту тийиштүү 1-пункт болуп эсептелсин жана төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. 2009-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин Бишкек шаарынын коомдук жүргүнчүлөр транспортунда (троллейбус, автобус, кичи автобустарда) жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.". Бул пункт 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет;
- токтомдун 4-пункту тийиштүү 2-пункт болуп эсептелсин жана төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Бишкек шаарынын мэриясы (Тюлеев Н.Т.) шаардык бюджетте Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгына жана Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасына жеңилдетилген категориядагы жарандарды ташуу үчүн түшүүчү кирешелердин ордун толтурууга байланышкан чыгымдарды карап чыксын.";
- бул токтом төмөнкү редакциядагы жаңы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы (Малабаев А.Дж.):
- Менчиктин түрүнө карабастан Бишкек шаарынын жүргүнчүлөр муниципалдык ишканаларынын жана автотранспорт ишканаларынын жетекчилери тарабынан бул токтомдун аткарылышын камсыз кылсын;
- жүргүнчүлөр муниципалдык ишканаларындагы жүрүү билеттердин бардыгын текшерүү жүргүзсүн жана кайра баалоону жүргүзсүн;
- Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте окуучунун инсандыгын аныктоочу документтердин жасалмалардан корголуусун иштеп чыксын жана ишке ашырсын.";
- 5-, 6-пункттар тийиштүү 4-, 5-пункттар болуп эсептелсин;
- токтомдун 7-пункту тийиштүү 6-пункт болуп эсептелсин жана төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэри Н.Т.Тюлеевге жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А.Э.Суракматовго жүктөлсүн.";
- бул токтомдун № 2 тиркемеси тийиштүү № 1 тиркеме болуп эсептелсин жана ал тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом Бишкек шаарынын адилет башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн жана массалык-маалымат каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэри Н.Т.Тюлеевге жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы
А.Суракматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 433 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту, такси-жеңил автомобиль жана жүк ташуучу автомобилдик транспорт менен…Постановление · 24.04.2008 · № 433 · Күчүн жоготкон
- 2011-жылдын 17-майындагы № 225 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтери жөнүндө" токтомуПостановление · 17.05.2011 · № 225 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 433 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту, такси-жеңил автомобиль жана жүк ташуучу автомобилдик транспорт менен…Постановление · 24.04.2008 · № 433 · Күчүн жоготкон
- 2011-жылдын 17-майындагы № 225 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтери жөнүндө" токтомуПостановление · 17.05.2011 · № 225 · Күчүн жоготкон