Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту, такси-жеңил автомобиль жана жүк ташуучу автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнүн жана жүк ташуунун тарифтеринин жеңилдиктерин монетизациялоону киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Бишкекского городского кнеша от 17 мая 2011 года № 225 "О тарифах на перевозку пассажиров и багажа общественным пассажирским транспортом в городе Бишкек"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-05-17.
Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы № 225 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 24-апрели № 433 Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга тарифтер жөнүндө (Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 23, 2009-жылдын 29-декабрындагы № 138, 2011-жылдын 11-мартындагы № 218 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2008-2010-жылдарга транспортту өнүктүрүү концепциясынын негизинде, жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз жана ырааттуу ташууну камсыздоо үчүн, жүргүнчүлөр транспорттун муниципалдык ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртуу, Бишкек шаары боюнча такси - жеңил автомобиль жана жүк ташуучу автомобилдик транспорт тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын бааларын жөнгө салуу максатында, Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. 2011-жылдын 1-январынан 2011-жылдын 1-майына чейин Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдүн жүрүү жана коомдук транспортто (троллейбустарда, автобустарда, кичиавтобустарда) жүк ташуу тарифтери тиркемеге ылайык белгиленсин.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык ) Бишкек шаарынын мэриясы (Тюлеев Н.Т.) шаардык бюджетте Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгына жана Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасына жеңилдетилген категориядагы жарандарды ташуу үчүн түшүүчү кирешелердин ордун толтурууга байланышкан чыгымдарды карап чыксын. (Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы (Малабаев А.Дж.):
- Менчиктин түрүнө карабастан Бишкек шаарынын жүргүнчүлөр муниципалдык ишканаларынын жана автотранспорт ишканаларынын жетекчилери тарабынан бул токтомдун аткарылышын камсыз кылсын;
- жүргүнчүлөр муниципалдык ишканаларындагы жүрүү билеттердин бардыгын текшерүү жүргүзсүн жана кайра баалоону жүргүзсүн;
- Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте окуучунун инсандыгын аныктоочу документтердин жасалмалардан корголуусун иштеп чыксын жана ишке ашырсын.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 15-январындагы № 392 "Муниципалдык каттамдарда жалпы пайдалануудагы шаардык жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө" токтому, Бишкек шаарынын мэриясынын 2001-жылдын 30-апрелиндеги № 323 "Кичиавтобус каттамдарында Бишкек шаарынын пенсионерлерине жеңилдетилген жүрүүнү берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту табылсын.
5. Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэри Н.Т.Тюлеевге жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А.Э.Суракматовго жүктөлсүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңештин төрагасы
А. Осмоналиев
Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 433 токтомуна тиркеме
2010-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Бишкек шаарында коомдук шаардык жүргүнчүлөр транспортто (троллейбустарда,
автобустарда, кичи автобустарда) жүргүнчүлөрдүн жүрүү жана жүк ташуу
ТАРИФТЕРИ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 138 Токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бир жүргүнчүнүн жол кире баасы:
- троллейбуста 5,00 сом;
- автобуста 6,00 сом;
- саат 6.00дөн 21.00гө чейин кичиавтобуста 8,00 сом;
- саат 21.00дөн 24.00гө чейин кичиавтобуста 10,00 сом;
- экспресстик кичиавтобустук каттамда:
№ 177 Ош базары-Дордой базары 10,00 сом; № 191 темир жол бекети - "Дордой" базары 10,00 сом; № 230 Дордой-Плаза соода борбору - Дордой базары 10,00 сом; № 233 Аламүдүн базары-Дордой базары 10,00 сом; № 234 Мадина соода борбору-Дордой базары 10,00 сом; № 226 6 кчр. - Дордой базары 15,00 сом; № 252 Асанбай кчр.-Дордой базары 15,00 сом; № 123 Аламүдүн 1-Дордой базары 15,00 сом; № 128 Асанбай кчр.-Кербен базары 15,00 сом; № 192 Киркомстром - Ак-Суу базары 15,00 сом; № 193 12 кичирайону - Ак-Суу базары 15,00 сом; № 203 Арча-Бешик - Дордой базары 15,00 сом.
2. Автобус, троллейбустарда жүк ташуу акысы:
- жүктүн салмагы 40 кг, көлөмү 50x60x100 см ашса 5,00 сом.
3. Бир айлык жүрүү билетинин баасы:
- троллейбуста 225,00 сом;
- автобуста 225,00 сом;
- автобус, троллейбус (бирдиктүү) 325,00 сом;
- мектептик (бирдиктүү) 150,00 сом.
Жүрүү билеттеринин бланктарын жасоо чыгымдары алардын нак өздүк наркы менен киргизилсин.
4. Муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрүү төмөнкү категориядагы жарандарга берилсин:
- Бишкек шаарынын жашы боюнча пенсионерлерине;
- жалпы оорулардын жана эмгектен жабыр тарткандардын 1-, 2-, 3-топтогу майыптарына;
- бала кезинен майыптарга;
- 7 жашка чейинки балдарга.
Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортто акысыз жүрүүгө аты жазылган карточкасы болгондо, акысыз жүрүү укугу бар жарандардын категорияларына киргендигин тастыктоочу белгиленген үлгүдөгү документтери негиз боло алат.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси
Ю. Шкуропатов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- 2011-жылдын 17-майындагы № 225 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтери жөнүндө" токтомуПостановление · 17.05.2011 · № 225 · Күчүн жоготкон
- Постановление Бишкекского городского кенеша депутатов от 15 января 2008 года №392 "О тарифах на перевозку пассажиров и багажа городским пассажирским транспортом общего…Постановление · 15.01.2008 · № 392 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шардык кеңешинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 23 "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 433 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту…Постановление · 27.11.2008 · № 23 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаардык кенешинин 2011-жылдын 11-мартындагы №218 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги №433 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту…Постановление · 11.03.2011 · № 218 · Күчүн жоготкон
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 29 декабря 2009 года №138 "О внесении изменений и дополнений в постановление Бишкекского городского Кенеша депутатов "О введении…Постановление · 29.12.2009 · № 138 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Постановление Бишкекского городского кенеша депутатов от 15 января 2008 года №392 "О тарифах на перевозку пассажиров и багажа городским пассажирским транспортом общего…Постановление · 15.01.2008 · № 392 · Күчүн жоготкон
- 2011-жылдын 17-майындагы № 225 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтери жөнүндө" токтомуПостановление · 17.05.2011 · № 225 · Күчүн жоготкон
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 29 декабря 2009 года №138 "О внесении изменений и дополнений в постановление Бишкекского городского Кенеша депутатов "О введении…Постановление · 29.12.2009 · № 138 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шардык кеңешинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 23 "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 433 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту…Постановление · 27.11.2008 · № 23 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.