Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Аламудун райондук кенешинин «Аламүдүн району боюнча ар кыл айылдык округдарда2010-жылга жиктелген жер салыгынын базалык чендери жөнүндө» токтому
АЛАМҮДҮН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Аламүдүн райондук кеӊештин 25 чакырыктагы 11 сессиясы
2010-жылдын 19-февралы №48
Аламүдүн району боюнча ар кыл айылдык округдарда2010-жылга жиктелген жер салыгынын базалык чендери жөнүндө Кыргыз Республикасынын салык жана жыйноо боюнча Мамлекеттик комиттеттин Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын "Аламүдүн району боюнча ар кыл айылдык округдарда 2010-жылга жиктелген жер салыгынын базалык чендери жөнүндөгү"сунушун угуп жана талкуулап (тиркелет), Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337 беренесинин 6 пунктунун негизинде Аламүдүн райондук кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык жана жыйноо боюнча Мамлекеттик комиттеттин Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын "Аламүдүн району боюнча ар кыл айылдык округдарда 2010-жылга жиктелген жер салыгынын негиздөө чени жөнүндөгү" тиркемеге ылайык (тиркелет) сунушу бекитилсин.
Бул токтом менен бекитилген 2010-жылга жиктелген жер салыгынын негиздөө ченинин акысы ар кыл айылдык округдарда 2010-жылдын 1-январынан тартып кармала тургандыгы аныкталсын.
2. Айылдык округдардын башчыларына, Кыргыз Республикасынын салык жана жыйноо боюнча Мамлекеттик комиттеттин Аламүдүн району боюнча башкармалыгына, биргелешкен дыйкан, фермердик жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилерине айыл чарба жерлерин пайдалануу боюнча иштерде Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси жана Аламүдүн райондук кеӊешинин ушул токтому жетекке алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337 беренесине ылайык Аламүдүн району боюнча 2009-жылга айыл чарба жерлерин иштетүү үчүн төмөнкү өлчөмдө бекитилген жер салыгынын базалык чени кабыл алынсын:
- Областтардын жана райондордун аталыштары
- Жер салыгынын базалык чени (сом га)
- Сугарылган аӊыз Кайрак жер Көп жылдык бак-дарактар Чөп чабык жайыт
- Аламүдүн району 400 56,5 209 23,1 42
Тиешелүү райондун сугат иштерине көлмөлөрдү пайдалануу үчүн кабыл алынган жана бул статьянын 1 бөлүмүндө каралган жер салыгынын базалык чени боюнча бекитилет.
4. Райондук "Аламүдүн кабарлары гезитинин" редакциясы бул "Аламүдүн району боюнча ар кыл айылдык округдарда 2010-жылга жиктелген жер салыгынын базалык чени жөнүндөгү" токтом гезит бетине жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" мыйзамынын 32 - беренесинин негизинде Аламүдүн райондук кеӊештин аппаратына (башкы адис Г. Сагынбаевага) бул токтомду Чүй областтык юстициясында каттатууну жүргүзсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Аламүдүн райондук кеӊештин "Экономика, бюджет жана каржы боюнча" туруктуу депутаттык комиссияга (төрагасы Н.Расуловго) жана Аламүдүн райондук кеӊештин башкы адиси Г. Сагынбаевага милдеттендирилсин.
Аламүдүн райондук кеӊештин төрайымы
Дж.Айдакеева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон