Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Карасуу райондук мамлекеттик администрациясынын « Жаныбарлардын кутурма оорусуна байланыштуу Шарк айыл өкмөтүнүн Беш-Бадам айылынын тургуну Матисаков Кубанычбектин короосуна кутурма оорусуна каршы чектөө коюу жөнүндө» буйругу.
Ош облусунун Адилет башкармасынын коттоосунан
2006-жылдын 24-августунда № 10-3-06 болуп өткөн
КАРАСУУ РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН БУЙРУГУ
2006-жылдын 21-августу № 189-б
Жаныбарлардын кутурма оорусуна байланыштуу Шарк айыл өкмөтүнүн
Беш-Бадам айылынын тургуну Матисаков Кубанычбектин короосуна
кутурма оорусуна каршы чектөө коюу жөнүндө
Райондук мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору С. Абдуллаевдин
билдирүүсүн угуп, Шарк айыл өкмөтүнүн Беш-Бадам айылынын тургуну Матисаков
Кубанычбектин уйу кутурма оорусуна күмӨн болуп, башын Ош облустук
ветеринардык лабораторияга жөнөткөндө 2006-жылдын 21-август күнү № 29
экспертизада уйдун кутурма оорусу менен ооругандыгы аныкталгандыгына
байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Ветеринария» мыйзамынын 34
статьясынын жана «Жаныбарлардын кутурма оорусуна каршы күрөшүү кӨ
рсӨтмӨсүнүн» негизинде
Буйрук кыламын:
1. Шарк айыл өкмөтүнүн «Беш-Бадам» айылынын тургуну Матисаков
Кубанычбектин уйу кутуруп кеткендигине байланыштуу короосуна чектөө
коюлсун.
2. Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкеримов М, жана ветеринардык
инспектору Сайдалимов М. жаныбарлар арасында кутурма оорусун болтурбоо
максатында алдын ала эмдөөнү өз убагында жургузуп, кароосуз калган ит-
мышыктарды атып өлтүрүү үчүн атайын бригада түзүп, элдер арасында
профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана иттерди кандай кармоонун
эрежелерин үйрөтүү милдеттендирилсин.
3. Карасу райондук мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору С.
Абдуллаевке кутурма оорусуна каршы керектүү вакцина, залалсыздандыруучу
заттар менен камсыз кылуу, атайын түзүлгӨн ветеринардык-санитардык иш
чараларды толук жана өз убагында аткаруусу милдеттендирилсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Карасу райондук
мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары А. Махаммадовко
жүктөлсүн.
Карасуу райондук мамлекеттик
Администрациясынын башчысы-аким М. Джумабеков.
Карасуу райондук мамлекеттик
администрациясына
Маалымат:
Карасуу райондук мамлекеттик ветеринардык башкармасы төмөндөгүлөрдү
маалымдайт.
Карасуу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Беш-Бадам участкасында жайгашкан
Кашкаркыштак автобазасынын кароолчусу, мал ээси Матисаков Кубанычбектин
түсү конур 5-жаштагы уйу 2006 жылдын 21-август күнү кутурма оорусуна күмӨн
болуп, мергенчи Имамов Олектин жардамы менен атып өлтурулуп, өлүк ошол эле
жерде терендиги 2 метр ањ казылып, өрттөлүп көмүлдү. Мал турган жерлер
хлорлуу акиташтын 5% эритмеси менен залалсыздандырылды. Бардыгы болуп 48 м
чарчы жер аянты залалсыздандырылды.
Үйдүн башын Ош облустук мамлекеттик ветеринардык лабораторияга
жөнөтүлгөн. Лабораториялык изилдөөдө үйдүн кутурма оорусу менен
ооругандыгы аныкталды экс № 29 22 август 2006 жылда.
Үй менен байланышта болгон адамдар өз убагында Карасуу райондук
санитардык эпидемиологиялык борборго билдирилип, тийиштуу медициналык
жардам алышууда.
Карасуу райондук мамлекеттик ветеринардык башкарма, Карасуу райондук
мамлекеттик администрациясынан, Кыргыз Республикасынын «Ветеринария»
мыйзамынын 34 статьясынын жана жаныбарлардын кутурма оорусуна каршы
күрӨшүү боюнча эреженин негизинде Матисаков Кубанычбектин кароосуна
кутурма оорусуна чектөө (карантин) коюулушун суранат.
Башкарманын башчысы С. Абдуллаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 61 · Күчүн жоготкон