Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 29-апрели № 116 Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту “Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 29 “Ч. Т. Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” токтомунан жана Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Иманалы Айдарбековдун атынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирин кайра атоодон тышкары” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Иманалы Айдарбековдун атынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирин кайра атоо жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте даярдасын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кенешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице - мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин тѳрагасы:
М.А. Аманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги N 22 "Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.04.2013 · № 22
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67